Menu

Видео – Сарычат-Ээрташ коругуна орнотулган видеотузакка ак илбирс күчүгү менен түшүп калган

Бөлүшүү:

Эл аралык Snow Leopard Trust – ак илбирстерди коргоо фонду Кыргызстандын Сарычат-Ээрташ мамлекеттик коругуна орноткон видеотузакка бир ак илбирс күчүгү менен кошо түшүп калган. Ал видеотасманы аталган фонд өзүнүн Ютубдагы каналына 11-июлда жарыялады.

Башкы кеңсеси АКШда жайгашкан Snow Leopard Trust фонду Кыргызстандагы ак илбирстерди сактап калуу аракетинде бул багыттагы көп долбоорлорду каржылап келаткандыгы менен белгилүү.

Маалымат иретинде, википедиядан: Сарычат – Ээрташ мамлекеттик коругу — Акшыйрак Тоо түйүнү менен Тескей Ала-Тоонун ортосундагы бийик тоолуу, мөңгүлүү өрөөндүн төрүндө 1995-жылы уюшутурулган. Сарыжаздын он куймасы Үчкөлдүн түзүүчүлөрү Сарычат жана Ээрташ суусунун алабдарын ээлейт. Аянты 72 миң га. Негизги максаты – сырттын жаратылыш комплекстерин бузбай, аларды табигый калыбында сактоо. Ал жердеги Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине катталган аркар-кулжа, илбирс, Тянь-Шандын ак тырмактуу аюсунун жана башка жаныбарларды коргоого алуу. Бул жерде эчки-теке, карышкыр, суур, коён жана сейрек кездешүүчү жырткыч жаныбар мадыл, суусар мекендешет. Өзгөчө жырткыч канаттулардын өкүлдөрү: ак кажыр, балта жутар көк жору, гималай жорусуу, кузгундар көп.

Коруктун аймагы бийик тоолуу адам баласынын таасири көп тийбеген жерде жайгашкан. Бир гана алтын казып алып жаткан «Кумтөр» ишканасы коруктун батыш жагында 15-20 чакырым аралыкта жайгашкан. Коруктун турган ордунун тегереги туташ мөңгүлөр менен капталган. Мөңгүлөрдүн алабына байкоо жүргүзүү жалпы климаттын өзгөрүшүн баамдоодо эн маанилүү материалдарды бермек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: