Menu

Нариман Түлеев: “Атамбаев эл алдында асманды чапчып сүйлөп, ал эми иш жүзүндө Кыргызстандын жеринин жана элинин канын мите курттай соруп жашаган”

Бөлүшүү:

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин экс-президент Алмаз Атамбаев тууралу жазган жаңы постун кыргызчалап сунуш кылабыз:

“Бишкек шаардык кеңешинде, Албек Ибраимовдун айланасындагы болуп жаткан окуялар жана ага Атамбаевдин чычалаган жообу адамдын таң калтыруусун жаратат. Мындай системаны – парламентаризмди курабыз деп жарыялап коюп, бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин ролун жогорулатабыз деп убадалап алып, анан иш жүзүндө баары анын саясатын, эркин аткарууга мажбур болгон системаны Алмазбек Шаршенович өзү түзбөдү беле? Азыр өзү айтып жаткан кодулоо – бул ал өзү түзгөн органдардын кадимки эле жумушу эмес беле?  Бул жерде ал азыр айтып жаткандай эч кандай саясый буйрутма жок, болгону анын командасы түзгөн коррупциялык аракеттердин реалдуу натыйжасы болуп калды.

Биз өз кезегинде ага шаардын мэри кызматына жалпы элдик түз шайлоо кылууну сунуштаганбыз. Эгер ошондой кылганда азыр мэр анын кишиси болобу же шайлоодо утуп алган башка киши болобу бир да партия аны кызматтан минтип оңой эле алып коё албайт болчу.

Анан да азыркы Бишкек шаардык кеңеши – Атамбаевдин кишилери эмеспи? Албек Ибраимовдун кызматтан алынышына жадагалса СДПК фракциясы да бир добуштан “макул” деп добуш беришти го. Өзүнүн жеке менчик партиясы лидери Атамбаевге артын салып кетишти да. Анан кимге доомат артып жатат? Эгер өзүнүн жеке менчик партиясы каршы добуш берип жатса кандай саясый кодулоо жөнүндө сөз кылууга болот? Өзүнүн адамдарын керектүү кызмат орундарына коюп жатып, врачтар менен мугалимдердин ордуна квартираларды күч органдары менен сотторго куруп, белекке таратып жатып Атамбаев эмнеге ишенди эле? Күч органдарынын колдоосуна жана пенсияга чыгып алып, мамлекетти башкарууну уланта берүүгөбү?

Атамбаев президент болгонго чейин УКМКны таратып, түп-тамырынан жоюп с алыш керек деп жүрчү, бирок иш жүзүндө, бийликте турганда чөнтөк УКМКны түзүп алууга жанталашты, бирок андай болгон жок. Азыр эми ошол структуралар коррупция менен күрөшүү алкагында анын командасы жасап кеткен былыктардын улам биринин бетин ачып, өзүнүн кадимки жумушун аткарышууда жана Атамбаевдин жеке өзүнө жакындап калышты.

Ал түзүп кеткен сот системасы эми анын командасын да соттойт, жакынкы мезгилде анын өзүн да соттошот. Кандай доомат болушу мүмкүн? Атамбаев өзү айтчу эмес беле, “Коррупцияга каршы күрөш кимдин ким экенине карабай катуу жүргүзүлүшү керек, мыйзам алдында баары бирдей болушу зарыл деп. Же ал сөздөрү эл көзүнө гана айтылган куру сөздөр беле?

Бир кезде Атамбаевге Сталбек деген өкүл баласы кирип менин ишимде кылмыш составы жок экенин түшүндүрүүгө аракет кылганда ал мен өзүм прокурор, өзүм сотмун  деп айткан. Мага каршы өкүмдү өзү чыгарып, ага көз каранды соттор болгону ошол өкүмдү бекитип гана коюшкан.

Атамбаев эл алдында асманды чапчып сүйлөп, ал эми иш жүзүндө Кыргызстандын жеринин жана элинин канын мите курттай соруп жашаган.

Өзүнө жакпаган саясатчыларды түрмөгө олтургузуп, ММКларга миллиондогон айыппулдарды салып муунтуп, журналисттерди да абакка ала баштаган. Адамдардын тагдырларын мындан ары да каалагандай калчайм деп ишенген. Бирок андай  болбой калды.
Бирок баары алдыда, Атамбаевдин бүтүндөй  кликасынын кыйрашына аз эле калды. Сапар Исаков жана айрым бир анын тарапкерлери мактоого гана татыктуу. Алар өздөрүнүн шефи –  Атамбаевди алигиче сатпай жатышат, бирок бул көпкө жетеби?

Атамбаевдин командасына адамдын боору ооруйт, алар анын колдоосу менен бийик кыялдардарды ишке ашырабыз, дайыма коопсуздугубуз камсыз болот деп ойлошкон. Эми өздөрүнүн абалын жеңилдетиш үчүн өлкөгө келтирген зыянды төлөп бериши керек же Атамбаев алар үчүн төлөп берүүсу зарыл. Ошондо гана алар аминистияга же мөөнөтүнөн мурда бошонууга үмүттөнө алат. Атамбаев алар үчүн төлөйбү?

Бул башталышы гана. Али башка жолдордун курулушу , бүт өлкө боюнча жүргөн капиталдык курулуштар, мектеп курууга берилген казак гранты, Евразеске кирүү боюнч берилип жаткан 100 млн доллардык казак грантынан баш тартуу сыктуу иштер текшериле элек жана кылмыш иштери козголо элек. Казакстандын грантынан баш тартуу да бул мамлекетке зыян келтирүү катары бааланат. Ал чыгымдардын баары эми биздин бюджетке жүгүн артты.

Ондогон жана андан да көп кыңыр иштердин бети ачыларына ишенем. Кен байлыктары, суу, менчиктерди кайра бөлүштүрүү, кредиттер, жашыруун схемалар өз кезегин күтүүдө.

Жакшысы азыртан эле элден кечирим сурап, оозунан эле көбүк чача бербей, акылман кыргыз элинен  кечирим алса жакшы болмок.”
Нариман Түлеев, Бишкектин экс-мэри

кыргызчалаган Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: