Menu

Өзбекстанда дыйкандарга ата мекендик автоунаалар «таңууланууда»

Бөлүшүү:

Эгин талаасы. Иллюстрациялык сүрөт

Жизак облусунун бийлиги эгин тапшыруу планын аткарган дыйкандарды калган түшүмүн мамлекеттик баада сатып, Өзбекстанда өндүрүлгөн автоунааларды насыяга алууга мажбурлап жатат. Бул тууралуу жергиликтүү дыйкандар билдиришүүдө.

– Мамлекет бизден эгиндин бир килограммын 750 сумдан (0,1 доллар) сатып алууда. Мисалы, мамлекет менден 50 тонна алса, мага болгону 37,5 миллион сум берилет. А эгер базар баасы менен сатсам, кеминде 80 миллион сум киреше табат элем. Ортодо 42,5 миллион сум уттуруп жатам», — деди Жизак облусунун Зафарабад районунда жашаган дыйкандардын бири.

Анын айтымында, мамлекеттик планды аткаргандан кийин өзүндө 30 тонна буудай калган дыйкандарды «Спарк», 40 тонна калгандарды «Равон», 50 тонн калгандарды «Жентра» жана 100 тонна калгандарды «Каптива» үлгүсүндөгү унааларды алууга мажбурлашууда.

– Эгинди мамлекеттик баада сатканда ал автоунаалардын жарым баасын гана жабууда. Калган суммасы насыя катары эсептелет. Аны биз пахта түшүмүнөн алган кирешебизден төлөй тургандыгыбызды айтышты. Автоунаа алууну каалабагандарды бийлик калган түшүм жыйноого камбайн берилбестигин айтып коркутууда», — деди ал.

Бирок аталган райондун башчысы Ибрагим Каршибаев мамлекеттик планды аткарган дыйкандардын ишине кийлигишпегенин билдирди. «Дыйкандар ал унааларды келишим түзүп алып атышат, аларды эч ким мажбурлаган жок. Мен канчасы автоунаа алганын да билбейм, анткени бул маселеге кийлигишкен жокмун», – деди район башчысы.

Жизак облустук акимчилигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин билдиришинче, жергиликтүү дыйкандарга сатуу үчүн Асака шаарындагы GM O’zbekiston заводунан буга чейин 300 автоунаа алынып келинген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: