Menu

Кытай Тажикстандын түштүгүнө үч мектеп курат

Бөлүшүү:

Жакынкы убактарда Кытай Тажикстанда үч заманбап мектеп курат. Тажик Билим берүү министрлиги менен Power China кытай компаниясынын ортосундагы тиешелүү келишимге 3-июлда кол коюлган.

Маалыматка караганда, 640 окуучуга ылайыкташкан бир мектеп Дангара районунда, 320 окуучулук дагы эки мектеп Бохтар жана Деваканд райондорунда курулат.

Кол коюу салтанатына Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддини Саид, Кытайдын Душанбедеги элчиси Юе Бин жана Power China International Group Limited компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Өлкөдө жолдорду, жогорку чыңалуудагы электр зымдарын жана ГЭСтерди куруу менен алектенген кытай компаниясы буга чейин Тажикстанда 7 мектеп курган. Учурда Кытайдын 112 жогорку окуу жайында 3 миңге жакын тажик студенти билим алууда.

Мектептерди куруу — Кытай компаниясынын өлкөдөгү экономикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы социалдык жоопкерчиликтеринин бир бөлүгү болуп эсептелет. Учурда Роwer China Сарбанд ГЭСин модернизациялоодо. Бул иштер Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу жылына 2 миллиард долларды түзөт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: