2019-жылы жазында тажик-ооган чек арасында Пянж дарыясы аркылуу өтө турган сегизинчи көпүрө курулат. Ал Тажикстандын Фархор жана Ооганстандын Ойхоним районун бириктирет.
Фархор райондук акимчилигинен кабарлашкандай, 180 метрлик көпүрө төрт жылдын ичинде курулуп бүтөт.
«Көпүрөнүн курулушуна Евробиримдик 18 миллион доллар грант бөлгөн. Көпүрө куруу иштери менен катар ал жерден район борборуна бара турган 18 чакырымдык жол дагы оңдолот», – деп билдирди жергиликтүү бийлик өкүлү.
Тажикстан менен Ооганстанды бириктирген жаңы көпүрөнүн курулушу эки тараптуу келишимдин алкагында ишке ашырылат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы сегизинчи көпүрө болуп калат. Алардын эң чоңу АКШ өкмөтүнүн каражатына курулган Төмөнкү Пянждагы көпүрө эсептелет.
Дарыянын эки жээгинде тең Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы соода мамилелердин өнүгүүсүнө түрткү боло турган чек ара базарлары бар. Алардын эң чоңу Тоолуу Бадахшанда жайгашкан.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ