Menu

Максат Мамытканов, саясат талдоочу: “Жөн эле бир адамдын буйругунан жаралган жол болуп калды”

Бөлүшүү:

– Түндүк-түштүк альтернативалуу жолдун салынышы боюнча депутаттар атайын комиссия түзүштү. Депутаттар ал комиссиянын ишин отпускадан чыккандан кийин, күзүндө башташат. Азыр маалыматтар так чыга элек. Ошондуктан бирдеме деп айтыш кичине эртерээк. Бул жолдун салынышы негизи стратегиялык жактан бизге керек. Түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативалык жолго муктажбыз. Бирок мунун бир жагдайы: бизде Ош- Бишкек автоунаа жолу бар. Экинчи ирет автоунаа жолун салуу туура эмес эле иш болду. Ал жерге темир жол салынса болмок. Анткени түштүктөгү кен байлыктардын баарын түндүккө ташып келгенге жүк ташый турган темир жол салынышы керек болчу. «Ошол темир жол зарылбы же бул жолбу?» деп эч ким менен эсептешүү болгон жок. Эч бир адистер менен муну тактаган жок. Жогорку Кеңеш деле бул боюнча туура пикир айта албады. Жөн эле бир адамдын буйругунан жаралган жол болуп калды. Темир жол түштүктөгү көмүр жана башка кен байлыктарды ташымак. Ошол жактан көмүрдү түндүккө алып келип, ЖЭБге жагыш керек болчу. Биз болсо Кара-Кечедеги начар көмүрдү колдонобуз. Биз «казактардын көмүрүн албайлы, аларга көз каранды болбойлу» десек, өзүбүздүн көмүрдү колдонуунун жолун табуу шарт. Көмүрдү автоунаа менен алып келгенде аябай кымбат туруп калат. Кымбат болгондон кийин эл нааразы болот. Ошонун баарын тең салмактап эсептеш керек болчу. Анан дагы депутаттык комиссия ревизор эмес, аудитор эмес. Эсеп палатасын жалдашабы же кимди жалдашат, азыр билбейбиз. Анын баарын кесипкөй адистер жасаш керек. Ал эми депутаттар арасында андай адистер жок. Ошондуктан адистердин корутундусун күтөлү.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Азия Ньюс” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: