Menu

Өзбекстанда бала бакча тарбиячысы 6 жаштагы кыздын үстүнө ысык шорпо төгүп алды

Бөлүшүү:

Өзбекстанда бала бакчанын тарбиячысы алты жаштагы кыздын үстүнө ысык шорпо төгүп алды. Бул тууралуу өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, түшкү тамактын алдында тарбиячынын жардамчысы алдынан чуркап чыккан кызды байкабай, ысык шорпо куюлган мискейди колунан түшүрүп жиберген. Кыз бетинен экинчи жана үчүнчү даражадагы күйүк алып, көзүнүн айланасы катуу зыянга учураган.

Кийинчерээк бала бакчанын жетекчилиги тез жардам кызматын чакырбагандыгы жана окуя тууралуу райондук мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнө кабарлабаганы белгилүү болду.

«Териштирүү иштеринин жыйынтыгында бала бакча жетекчилиги окуяга көңүл кош мамиле кылгандыгы аныкталды. Алсак, окуядан кийин жардам кызматы чакырылган эмес, тарбиячы дагы, жетекчи дагы дарыланып жаткан кыздын абалына кызыккан эмес жана күнөөлүүлөр жазаланган эмес. Андан тышкары бул окуяны райондук мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнөн жашырып коюшкан», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мекемеден тарбиячы иштен алынып, бала бакча кызматкерлеринин квалификация маселеси каралып жатканын кошумчалашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: