Menu

Dbltj

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы» деп атайын жарлык чыгарды. Бул атайын мамлекеттик программа, өкмөттүк саясат. Демек ириде региондорду өнүктүрүү үчүн кошумча ишканаларды ачып, иштеп жаткан ири өндүрүштөрдүн ишин андан ары илгерилетүү болуп саналат.

Ансыз регион өнүкпөйт. Мына ошондуктан Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев: «Кичи шаарларды, айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча бар аракеттерди көрөбуз», -деп айтты. Тилекке каршы, мынаушундай шартта Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов Баткен областында жайгашкан Айдаркен Сымап комбинатын жаабуу маселсин байма-бай көтөрүүдө. Келтирген жүйөсү комбинат экологияны бузуп, элдин саламаттыгына зыянын тийгизип жатыптыр. Бирок жергиликтүү шаар тургундарды мындай жуйо менен макул эмес. Айдаркен Сымап комбинатына бүтүндөй бир шаарчанын тиричилиги байланганын айтышкан жергиликтүү эл, ПЕСАК сыяктуу арты будомук, атайын экономикалык диверс-сиялык саясаттын дагы бир уландысы катары ЮНЕП программам Закир Шараповдун колу менен Кыргызстана келип, Айдаркен сымап комбинаты сыяктуу саналуу ишканаларды түп орду менен жоюуу саясаты иштелип жатат дешип коңгуроо кагышты. Мындан улам, комбинатты жабууга каршы экендиктерин, жеке кызыкчылыгын ойлоп, мамлекетти, элди шорго малганы турган Шараповдун тизигин тартуу керектигин дагы айтышты.

– Мамлекетибиз жаңы кас-кас буттан туруп жатат. Тилекке каршы, Закир Шараповго окшогондор бастырбай буттан чалып, тоскоолдук жаратып жатышат. Муну айтканымдын себеби, элге, мамлекетке пайдасы тийчү ишти эмес, зыяны тийчү иштерди таңуулап, кыянаттык кылгандар көп. Мына Айдаркен Сымап комбинатын жабуу маселесин Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов көтөрүп жатат. Элди ойлосо, мамлекетти ойлосо ушундай ишке барат беле? Көрсө чет өлкөдөн комбинатты жабуу үчүн акча келет экен. Ошол акчаны алыш үчүн элди жумушсуз калтырчу долбоорду ишке ашырганы жатышыптыр. Андан тышкары булар комбинаттын мүлкүн бөлүштүрүп алгылары келип турат. Мен ушул жерде туулуп, иштедим. Быйыл 82 жашка чыктым. Шараповду абдан жакшы билем. Өзүнүн Жаңы-Коргон айлындагы элдин мүлкү болгон мончону менчиктештирип алып, жок кылды. Ал аз келгенсип комбинаттын 2 кабаттуу, 2 жарым гектар жери, 46 түп декаративдүү дарагы, 236 түп мөмө дарагы, 120 түп тереги бар профилакториясын 40 миң сомго менчиктештирип алып, Шарапова Азизахан деген карындашына каттатып койгон. Арабдарды таап демөөрчү кылып мечит салдырам деп, алардан акча алып, анан химиялык складды бузуп ошонун кирпичине мечит курдурду. Эл дагы акча, килем кылып колдо барын берди. Ошолорду Шарапов машинасына жүктөтүп кетти. Эл нааразы болуп тетири батасын берген. Бүгүнкү күнгө чейин элге басып келбейт, коркот.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: