Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы Максим Бакиевдин жерине курган хан сарайында жатып алып, жөн жатпай “Мага эми бийликтин да, байлыктын да кереги жок, өзүмө, бала-чакама жетерлик дүнүйөм бар, бир эле максатым – Сокени өзүм менен кошо ала жатсам болду” деп жатыптыр.
“Сокени мураскерликке тандаганда саясый технологдордун пикирин эске алып, эки моментке расчет кылганбыз, ошол моменттер буйруса күзүндө же келерки жазда өз жемишин берет. Биринчиден, Сокенин бир туугандары көп, баары мамлекеттик кызматта, анан эле “Соке бир туугандарына кызматтарды таратып жатат” деп эле кыйкыра берсең эл ишене берет. Бакиевди да ошентип эле жайлаганбыз. Экинчиден, Жээнбеков түштүктөн, регионализм факторун пайдаланса болот. “Ай тигилер басып кетти” деп эле кыйкыра берсең эл дүрбөп бизди колдой берет. Сокеден өчүмдү алып, биздин командага коопсуздук гарантиясын берген бирөөнү бийликке алып келип алсак эле болду. Башка эч нерсенин кереги жок” деп тар чөйрөдө ыймандай сырын айтып алыптыр.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ