Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоору менен таанышты, ал Улуттук кеңештин кароосуна 2018-жылдын 25-июлунда алынып чыгат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-июлда Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды.

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын маалымдады.

Стратегия-2040 орто мөөнөттүү этабын ишке ашыруунун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.

Улуттук кеңештин жыйыны 2018-жылдын 25-июлуна пландалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: