Menu

Ферганада өзбек жана тажик өкмөт башчылары жолугушту

Бөлүшүү:

Ферганада 16-июлда Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов менен Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода жолугушту. Өкмөт башчылар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, анын ичинде алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги өзбек-тажик жолугушуусуна даярдыкты талкуулашты.

Өзбекстан ТИМи билдиргендей, түрдүү тармактардагы эки тараптуу өз ара аракеттенишүүлөрдүн жигердүүлүгү белгиленди. Маселен, 2018-жылдын биринчи жарымында товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 35% өскөн.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда өз ара мамилени активдештирүү максатында Ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүүгө жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарт түзүүгө макулдашты.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда Ташкентте өзбек-тажик бизнес форуму жана “Тажикстанда жасалган” деген аталышта улуттук өндүрүш жарманкеси өтөт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: