Menu

Фотобаян – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын туризм тармагын жана пенсиялык тутумун реформалоо тажрыйбасы менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 16-июлда, Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин Саммитине катышуунун алкагында Грузия Республикасынын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлигинин ишмердиги менен таанышты.

Өкмөт башчыга Грузия Республикасындагы туризм жана пенсиялык тутумундагы реформалар тууралуу бет ачар сунушталды.

Грузиянын экономика жана туруктуу өнүктүрүү министринин орун басары Екатерине Микабадзе белгилегендей, туризм өлкө экономикасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

«Туризм тармагын өнүктүрүүдөгү негизги факторлор катары акыркы жылдары – туризм жаатында жаңы саясатты иштеп чыгуу, виза режимин жөнөкөйлөштүрүү, «Ачык асман» саясатын жүргүзүү жана аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу болуп калды. Ошону менен бирге өлкөдө интернет-маркетинг компанияларын жана ар түрдүү ири маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө басым жасалууда. Мындан тышкары Грузиянын позитивдүү инвестициялык жана туристтик имиджине өлкөнүн абройлуу эл аралык рейтингдердеги жакшы позициялары таасир берүүдө», – деп ырастады ал.

Бет ачардын жүрүшүндө экономика жана туруктуу өнүктүрүү министринин орун басары Екатерине Микабадзе маалымдагандай, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөгө 7,9 млн жакын чет элдик турист келген, бул 2014-жылга караганда 2 млрд адамга көп. Тармактан түшкөн киреше кеминде 2,7 млрд АКШ долларын түзгөн.

«Пенсиялык тутумга тийиштүү, белгилей кетсек, жакынкы арада эмгек акынын бөлүгүнөн пенсияга акча топтоо каралган жаңы пенсиялык тутумду ишке киргизүү пландаштырылууда. Грузиянын ар бир жашоочусу үчүн белгиленген айлык маянадан мамлекеттен, кызматкердин өзүнөн жана анын жумуш берүүчүсүнөн 2% өлчөмүндө каражат түшүп туруучу пенсиялык эсеп ачылат. Жаңы пенсиялык тутум курамына камкордук жана инвестициялык кеңештер кирген пенсиялык агенттикти түзүүнү болжойт. Реформа стандарттуу белгиленген мамлекеттик пенсияны – пенсия курамына жеткен соң топтоо эсебинен кошумча менен акча алууну жоюу дегенди билдирбейт», – деп билдирди ал.

Екатерине Микабадзенин айтымында, пенсиялык реформада ошондой эле пенсия курагын өзгөртүү каралган эмес, ал мурдагыдай эле эркектер үчүн – 65 жаш, ал эми аялдарга – 60 жаш бойдон калат. Бул чара өлкөнүн экономикасына узак мөөнөттүү келечекте таасир берет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын делегациясы алгачкы жолу Өкмөт башчынын төрагалыгы алдында Грузияга реформалык тажрыйбалар менен таанышуу үчүн келди.

Ал дүйнөлүк коомчулук Грузиядагы позитивдүү кайра түзүүлөрдүн күбөсү болуп саналарын өзгөчө белгиледи.

Өкмөт башчы грузин адистерин тиешелүү министрликтердеги жана ведомстволордогу кесиптештери менен кеңири тажрыйба бөлүшүү үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: