Menu

Түркмөнстанда мамлекеттик курулуштардын чыгымдарын бюджет кызматкерлерине төлөтүшүүдө

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда бюджеттик тармактарда иштеген кызматкерлерден июль айынын маянасын аймакта курулуп жаткан объекттердин эсебине которууну талап кылышууда.

Бул маалымат президент Гурбангулы Бердымухамедов коңшулаш Балкан облусунун башчысы Сатлык Сатлыковду кызматтан алган маалга туш келди. Расмий басылмалар билдиргендей, аткаминер аймакта курулуп жаткан объекттердин аздыгынан улам жумуштан бошотулган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянып билдиргендей, кызматкерлер өлкөнүн өнүгүшү үчүн өз каалоолору менен аймакта курулуп жаткан объекттердин эсебине айлык акыларын которуп жатышканы тууралуу тилкат жазып берүүгө мажбур. Апрелде эле жергиликтүү бийлик курулуш үчүн бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен 300 манаттан (85 доллар) кармап калган.

Курулушу токтоп калган бир нече фирмалардын өкүлдөрү “мамлекетте акча жок экенин, абалдан чыгуу үчүн бул чыгымдарды бюджеттик кызматкерлердин эсебинен жабуу чечими кабыл алынганын” билдиришти.

Маалыматтарга караганда, айлык маянасын которуудан баш тарткандарды жумуштан бошотуу менен опузалашууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: