Menu

Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу Грузиядагы «Ачык парламент» эл аралык конференциясына катышууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин парламенттик делегациясы Тбилиси шаарында (Грузия) өтүп жаткан Глобалдык саммиттин алкагындагы «Ачык парламент» эл аралык конференциясына катышууда. Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Аида Исмаилова, Жогорку Кеӊештин Аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев, Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу, Илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Бактыбек Такенов бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдүн парламенттик делегация мүчөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунун, анын Өнүктүрүү программасынын, Европа Парламентинин, Грузия Парламентинин өкүлдөрүнүн, ошондой эле эл аралык эксперттердин «Жогорку деӊгээлдеги сүйлөшүүлөр» темасындагы баяндамаларын угушту. Иш-чарага БУУнун туруктуу өкүлү/БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Нильс Скотт модераторлук кылууда.

Конференциянын катышуучулары эки секцияда иш алпарып, анда «Мыйзамдуу чараларды кабыл алуу: алдыӊкы тажрыйбалар, көйгөйлөр жана андан аркы аракеттер», «Ачык жана отчеттуу парламенттер» темасындагы баяндамалар дагы талкууланат. Андан тышкары, секцияларда «Парламенттик демократия үчүн технологиялар жана инновациялар» темасындагы атайын баяндама да угулмакчы.

Белгилей кетсек, мыйзамдуу чараларды кабыл алуу саясаты 2016-жылы бекитилген. Мындай саясат аткаруу бийлигинин башка тармактарга тартылышын четтетүү жаатындагы кыйла маанилүү кадамдардын бири болуп калды. Андан бери көп парламенттер бул платформага кошулуп, улуттук аракет пландарынын алкагында өз милдеттенмелерин иштеп чыгышууда. Ошондон улам, өз ара тажрыйба алмашуу аркылуу мүмкүнчүлүктөр менен көйгөйлөрдү талкуулоо зарылдыгы бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: