Menu

Токтакунов: УКМКнын тергөөчүсү Сапар Исаковду опузалап жатат

Бөлүшүү:

“Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү опузалап жатат” деп анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирип чыкты.

Адвокаттын айтымында, Исаков менен кечээ жолукканда ал учурда УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине туш болуп жатканын айтып берген. 13-июлда тергөөчү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүндө атайын кызматтын Илим аттуу кызматкери Исаковго адвокат Токтакунов менен иштешүүдөн баш тартууну сунуш кылган.

– Эгер андай болбосо Сапар Исаковго карата “”Викиликс” сайтында жарыяланды” деген маалыматтар боюнча кылмыш иши козголорун айтып, коркуткан. Исаков мындай сунуштан баш тартып, мага бул маалыматты коомчулукка жарыялоону тапшырды, – деди Токтакунов.

Жактоочу мындан ары да бул иш тууралуу коомчулукту кабардар кыла берерин кошумчалады.

Адвокаттын бул билдирүүсүнө УКМК азырынча жооп кайтара элек.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына 5-июнда камакка алынган эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: