Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады.

«Өз ара урматтоонун, түшүнүшүүнүн жана узак жылдар бою ийгиликтүү кызматташуунун негизинде жетишилген кыргыз-герман мамилелердин жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилегим келет.

Кыргыз Республикасы демократияны бекемдөө жолунда ишенимдүү баратат жана Германия көрсөтүп жаткан баа жеткис колдоо биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул өлкөдөгү демократиялык жана социалдык-экономикалык реформаларды мындан ары карай алга жылдырууда ишеним жаратат.

Биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу, регионалдык кызматташтык жана эл аралык күн тартибиндеги олуттуу маселелер боюнча узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берген саясий диалог уланаарына үмүт артам.

Гуманизм принциптерине, демократияга жана биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелер мындан ары да бекемделе берет деп ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркелге чың ден соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми Германиянын дос элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: