Menu

“Өзүн өзү өлтүргөн иттердин көпүрөсү” – 600 ит суицид жасаган көпүрө

Бөлүшүү:

Ооба, ушундай көпүрө бар экен, иттин өлүмүн тилеген. Ал Шотландиянын Уэст-Данбартоншир округундагы Дамбартон деген аймакта. Овертон көпүрөсү деп расмий аталганы менен эл оозунда ал “Өзүн өзү өлтүргөн иттердин көпүрөсү” деген аталышка ээ.

Бул көпүрөдөн табышмактуу жагдайда 1950-жылдан ушу күнгө чейин 600 ит секирип өлгөн экен. Иттердин өзүн кызыктай алып жүрүүсү боюнча эксперттер бир нече божомолдорун айтууда. Алсак, этолог Дэвид Секстон көпүрөнүн алдында келемиштер менен норка жаныбары жашагандыктан, алардын жытын кууйм деп иттер кантип секирип кеткенин билбей калышат деген версиясын айтса, анын сөзүн жергиликтүү аңчы Джон Джойс четке кагып, бул аймакта 50 жылдан бери жашап келерин айтып, көпүрөнүн алдында норканын өзү тургай жыты жок экенин билдирет. Ал эми изилдөөчү Пол Оуэнс мистикалык гипотезасын сунуштайт. Сырга бай көпүрөдөгү суицид иттерди изилдөөгө эле ал 8 жылдык өмүрүн короткон. Бүгүнкү күндө Пол көпүрө эки дүйнөнүн эшигинин милдетин аткарат деген версияны карманат. Эгер ошондой боло турган болсо, анда тиги дүйнөнүн арбактары эмнеге иттерди көпүрөдөн секирүүгө мажбурлайт? Бул суроого Пол Оуэнс кебелбестен Ак Айым деген көрүмчү аралашып жатканын айтат. Айтор, божомолдор көп, бирок жооп жок. Ошондуктан жергиликтүү жашоочулар иттерин көпүрөгө жакын жолотпостугу айдан ачык.

Булак: “Сырдуу дүйнө” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: