Menu

Алик Бүтүмбаев, КСДПчы: “Тургунбек Кулмурзаев «Ай, Алик, ушул конченный алкаш Атамбаевди кантип колдоп, ээрчип чыгасыңар? Мен өзүм чыкпайм, бул алкашты ээрчип” десе болбой колдодук эле”

Бөлүшүү:

КСДПнын пресс-катчысы Кундуз Жолдубаевага

КСДПнын Москва райондук экс-координатору Алик Бүтүмбаевден

Кундуз-айым, сенин 10.07.2018-ж. «Апрелге» берген расмий билдирүүңдө: «Бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эле эмес, өз энесин сатып кеткендер да бар», – деп айтыпсың. Кундуз-айым, сенин билгениңден биле элегин көп экен, ошондуктан төмөнкүлөрдү билип ал да, кулагыңа түйүп ал!

Мен, Бүтүмбаев Алик, Чуй облусунун Москва районунда 2009-жылы КР президенттик шайлоодо КСДПнын райондук координатору болгонмун. 2009-жылы Ысык-Көл облусунун эр жүрөк патриот жигит-кыздарыбыз Балыкчы шаарынан кармалып-камалганда, ал жерде сени жана Фарид Ниязов же Сапар Исаковдуу эч көрбөпмүн…

Ошол оор күндөрдө биз менен чогуу жүргөн Роза Исаковна, Топчубек Тургуналиев, Азимбек Бекназаров, Сагынбек Абдрахманов, Айбек Азыранкулов, Алмаз Атамбаев жана Ирина Карамушкиналар болуп, соттон сотко чогуу барып жүргөнбүз.

Ошол эле жылы күзүндө Исмаил Исаковдун сотунда да биз жогоруда аты аталгандар менен чогуу жүргөнбүз. Ошол эле күзүндө болгон «Петровка» окуясынын негизинде кармалган биздин жигиттерибиздин сотуна сен пир туткан Алмаз Атамбаев бир да жолу басып барган жок. Мына ушуну саткынчылык десе болот!

Ошолордун ар бир сотуна аял баштары менен Роза Исаковна жана Асия Сасыкбаева эжелерибиз биз менен чогуу келип, дем берип турушту. Ошол эле жылы биз Топчубек Тургуналиев аксакалыбыз болуп жөө жүрүш жасаганыбыз үчүн камалып отурганыбызда КСДПда силердин жытыңар да жок болчу!

Ошол камакта биз менен Жайыл районунун Акбашат айлынан чогуу отурган Самарбек Байгашкаев агабыз: «Атамбаев үчүн шайлоо кампаниясы деп чуркап жүрүп, эми моминтип камалып калып, эгилген эгиндеримдин түшүмүн да жыйнай албай калдым, кыш да кирип келе жатат, жок дегенде таксовать этсем да, үй-бүлөмдү кыштан чыгарып кетет элем», – деген. Ошондо мен өзүмдүн төрт миң долларга алган «Гольф-3» үлгүсүндөгү автоунаамды бекер бергенимде, сен кайда элең, Кундуз?

2010-жылы 5-апрелде Тургунбек Насипович Кулмурзаевге биз – Абдыкалык Рустамов, Иманбек Асылбеков, Таалай Айдаров жана мен болуп жолугуп: «7-апрелде биз Бакиевдин туура эмес жүргүзгөн бийлигине каршы Атамбаевди колдоп чыгалы деп жатабыз», – деп айтсак, анда Кулмурзаев: «Ай, Алик, ушул конченный алкаш Атамбаевди кантип колдоп, ээрчип чыгасыңар? Мен өзүм чыкпайм, бул алкашты ээрчип, силер деле чыкпай эле койгулачы», – деп айтканда, Кундуз сен, Сапар же Фарид кайда элеңер?

6-апрель күнү кечинде «Форумдан» телефон чалышты: «Алик-байке, Бишкекте баары кармалып, камакка алынды, сиз бир айласын таап, эртеңкиге чейин камалбай, эртең Москва районун көтөрүп чыгыңыз», – дегенде силер кайда эленер? 7-апрелдеги каргашада Ак үйдүн алдында мен бир тууган инимден ажырадым!

Ошол күнү силер – шакалдар – кайда элеңер? Сен, бети жок, бизди: «Өз энесин сатып кеткендер да бар», – деп, энебизди биз сатканыбызды көргөндөй айтыпсың! Сен бул сөзүңдү далилдеп бер!

2017-жылы КР президентин шайлоо өнөктүгү алдында ар дайым Кудайды оозунан түшүрбөгөн Алмаз Атамбаевге «Сентябрь» ТВсынан кайрылып: «Бакиевдерди издемиш болуп Остап Бендер сыяктуу улуу комбинаторго айланган Сапар Исаковду командасы менен бийликтин жогорку бутагына алып келип, 7-апрель революциясын, Сагынбек Абдрахмановду жана биздин баарыбызды бакиевчилерге сатып кеттиңер!» – дегенбиз.

Алик Бүтүмбаев, КСДПнын Москва райондук экс-координатору

Кайрылуу журналист Нарын Айыптын “Фейсбуктагы” баракчасынан алынды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: