Menu

Трамп Хельсинкиде «жаңылыш» сүйлөп алганын моюнуна алды

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Хельсинкидеги маалымат жыйында айткан айрым сөздөрүнүн маанисин оңдоого аракет кылды. Трамптын сынчылары кечээтен бери анын атайын кызматтарга караганда Путинге көбүрөөк ишене тургандыгы жөнүндөгү сөздөрүн катуу сынга алышууда.

17-июлда президент Ак үйгө журналисттерди чогултуп, Орусиянын президентине караганда атайын кызматтагыларга көбүрөөк ишене тургандыгын билдирди.

Ал Орусиянын АКШдагы 2016-жылкы шайлоого кийлигишкендиги тууралуу Чалгындоо кызматынын корутундусу менен макул экенин айтып, бирок ал аракеттер добуш берүүнүн жыйынтыктарына эч кандай таасир этпегенин белгиледи.

Трамптын бул билдирүүсүнөн бир канча мүнөт мурда Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл Москвага быйылкы шайлоого кийлигишпөөсүн эскертип, болбосо Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынышы мүмкүндүгүн билдирген.

Трамптын Брюсселде жана Хельсинкиде сүйлөгөн сөздөрү Республикалык партиянын негизги мүчөлөрү, демократтар, АКШнын чалгындоо кызматынын өкүлдөрү жана журналисттер тарабынан катуу сынга алынган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: