Menu

Фотобаян – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстан «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Грузиянын тажрыйбасын изилдейт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 17-июлда, Тбилиси шаарында «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин Саммитине катышуунун алкагында «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышты.

Өкмөт башчы Грузиянын Ички иштер министрлигинин Биргелешкен операциялар борборуна жана Бирдиктүү тейлөө борборуна барды.

Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахария маалымдагандай, «Коопсуз шаар» долбоору окуяларга ыкчам жооп кайтаруу, административдик бузууларды аныктоо жана жоюу, ошондой эле транспорттордун агымын башкаруу үчүн киргизилген.

Долбоордун алкагында видеоаналитикалык программалар менен жабдылган «акылдуу камералар» орнотулган, алар ИИМдин бирдиктүү тутумуна кошулган.

Георгий Гахария билдиргендей, Биргелешкен операциялар борбору тарабынан учурдагы мезгил режиминде өлкөнүн жолдорундагы жана көчөлөрүндөгү кырдаал көзөмөлдөнөт, ИИМдин бардык базаларынан маалыматтарды топтоо жүргүзүлүп, түшкөн материалдарга мониторинг жана анализ жасалат. Ошондой эле бул Борбор масштабдуу иш-чаралар учурунда полиция бөлүктөрүн бирдиктүү башкаруу менен алектенет.

Өкмөт башчыга бул Борбордун иши, анын ичинде жүздөрдү жана мамлекеттик номер белгилерди аналитикалык таануу кеңири сунушталды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, учурда «Коопсуз шаар» долбоорун киргизүү боюнча мамлпекеттик органдар менен активдүү чаралар көрүлүүдө.

Ал айдоочулардын жол коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын санын азайтуу жана кылмыштардын бетин ачуу ыкчамдыгын жогорулатуу маселелери учурда коомдо кыйла актуалдуу экенине басым койду.

Өкмөт башчы бул долбоорду кылмыштуулукту жана жолдордо кырсыктарды кыскартуу боюнча таасирдүү механизм деп атады. Ал белгилегендей, атамекендик адистер тарабынан «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча грузин тажрыйбасы дыкат изилденет.

Андан соң Премьер-министр Грузиянын ИИМинин Бирдиктүү тейлөө борборунун ишмердиги менен таанышты.

Грузин тараптын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын майында ишке кирген бул Борбор патрулдук милицияны реформалоонун негизги компоненти болуп саналат.

Жаңы борбор заманбап инфраструктура, жарандардын кезегин башкаруу тутуму, электрондук кол тамга жана маалыматтык технологиялар менен жабдылган.

Грузиянын жарандары, ошондой эле чет элдиктер мында «бирдиктүү терезе» принциби боюнча патрулдук милициянын ишмердигине байланыштуу мамлекеттик кызматтардын 50 түрүн колдоно алышат. Мындан тышкары Биргелешкен операциялар борборунан түшкөн маалыматтардын негизинде өлкө жарандары жолдордогу административдик бузуулар үчүн айыптарды төлөшөт.

Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Грузия ИИМинин Ыкчам башкаруу борборунун «112» тез жардам кызматынын ишмердиги менен таанышты.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, «112» кызматы калкка экстрендик жардам көрсөтүү үчүн Грузиянын ар тарабынан күнү-түнү телефон чалууларды кабыл алат. Маалымат кабыл алынгандан кийин ал өрт өчүрүүчү-куткаруучуларга, патрулдук же медициналык тез жардам кызматтарына берилет.

Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты – адистештирилген кызматтардын топтоштурулган иши аркылуу жарандарга зарыл жардамдын ыкчам жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү болуп саналат.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине адистердин деңгээлинде бул Борборлордун ишин уюштуруу тажрыйбасын дыкат изилдөөнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: