Menu

Сапар Исаковдун адвокаты баш айлантуудабы?

Бөлүшүү:

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго УКМК тарабынан басмырлоолор болуп жатканын адвокаты Нурбек Токтакунов жарыялады. Анын айтымында, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Cапар Исаковго  Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тартууну талап кылган.

“Жакында УКМКнын тергөө абагына барып, Исаковго жолуктум. Ал мага 13-июлда саат11де УКМКнын тергөөчүсү Кубаныч Сабыровдун иш бөлмөсүнө алып барышканын айтты. Тергөөчү иш бөлмөсүнөн чыгып кетип, УКМКнын Илим аттуу кызматкери Сапар Исаков менен жалгыз калып: “Нурбек Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тарт”, – деп көндүрүүгө аракет жасаган. Кызматкер эгер Исаков менин кызматымдан баш тартпаса, “Викиликс” сайтында мурда жарык көргөн маалымат боюнча кылмыш иши козголоорун эскерткен”, – дейт Токтакунов.

Сапар Исаков кызматкердин талабын аткарууга каршы болгон. Мындан улам ал тергөөчүнүн басмырлоосуна кабылган.

Ал эми УКМК мындай айыптоолорду четке какты. “Калп каткырган сайын, ага ишенгендер көп болот деген сөз бар эмеспи. Нурбек Токтакуновдун арызын кезектеги арзан пиар ыкма деп баалоого болот”, – дейт УКМК.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген жүйөө менен камакка алынган.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: