Кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турда-лиеванын өл үмүнө шектүү жаран күнөөсүн толук моюнуна албай жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБдин башчысы Жыпар Исакбаев маалымат жыйынында билдирди.
“Ал кызды ала качканын гана моюнуна алды. Калганын эстей албай жаткан имиш. Шектүү кызды уурдап качканын эстейт дагы, аны кантип өлтүргөнүн эстей албаганын айтууда. Андан улам ага психиатриялык экспертиза дайындалды. Жыйынтыгында, шектүүнүн акыл-эси ордунда деп табылды”,- деди Исакбаев.
20 жаштагы Бурулай Турдалиева Жайыл райондук милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Сырттан тааныш болуп жүргөн жигит ала качып баратканда, алдын ала берилген маалыматтардан улам Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери автоунааны токтотуп, аларды милиция бөлүмүнө алып барышкан. Ошол жерде милиция кызматкерлеринин айты-мында, саналуу убакта жигит кызга бычак менен кол салып, кыз алган жараатынан каза тапкан. Бирок, маркумдун жакындары-нын божомолунда, окуя такыр башка өңүттө болушу ыктымал. Атасы кызынын көкүрөгүнө “Н+Б” деп бычак менен жазыл-ган жазуу бардыгын айтып, саналуу убакта мындай иш болушу мүмкүн эместигине күмөн санайт.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ министри-не Бурулайдын атасына барып жолугуп, анын арыз-жүйөсүн угууну тапшырды. Ошондой эле, өкмөт башчы бул иш анын көзөмөлүндө экенин белгилеп, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек кыздын өлүмүнө себепкер болгондор толугу менен жазасын алы-шаарын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ