Menu

Эдил Байсалов: Албек Ибраимов – “Манас” аэропортун же шаарды башкарууга өз даражасы менен жетмек эмес

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, Албек Ибраимов ишиндеги кетирген катачылыгы үчүн кызматынан алындыбы же Атамбаевдин кадры болгон үчүн мэрликти таштап кетүүгө аргасыз болдубу?

– Мурунку президенттердин – үйбүлө-кландык башкаруу учурунда мамлекеттик бийлик президенттин аялы, балдары, бир туугандарына бөлүштүрүлүп, энчиленип берилсе, Атамбаев бийликти шоопурларына, жылкычы-весовщик, жансакчылары жана секретарша-бухгалтершаларына энчилеп койгон. Бул эч кандай айырмасы жок табиятында. Ошол эле мурунку система, бийликти узурпациялашкан, саясий террор менен бүт оппозицияны жок кылышкан дагы, өздөрү мамлекетти кадимкидей басып, өтүктөрүн илишкенине биз мына жакында эле күбө болбодукпу. Албек Ибраимов – Атамбаевдин эң жакын адамдарынан бири. Ал ошол “Манас” аэропортун же шаарды башкарууга өз даражасы менен жетмек эмес. Аны биз билебиз. Бирок, Албек өзү таптаза иштесе, аны эч ким “Атамбаевдин жакын адамысың” деп, жөн жерден асылмак эмес. Андайлар иштеп эле атышпайбы. Же болбосо, мына июль болду, Ибраимовго ушул убакытка чейин, бир канча кылмыш иши козголгон күндө дагы, эч ким тийген жок эле го. Бул өзүнүн былыктары, мисалы ошол эле жер тилкелери боюнча, башкаларын айтпаганда, чыгып, ташып, батпай калганда эле иштен бир добуштан айдалып атат шаардык кеңеш тарабынан. Мына канча күн өттү, өкмөт деле аны жумуштан ала элек. УКМКсы деле камакка эмес, издөөгө жарыялаган жокпуз деп атышат. Эмнеси болсо дагы, элдик жеңиш менен келип, мамлекетти жана башкалаабызды талкалагандар, өздөрү эбегейсиз байыгандар жоопкерчиликке тартылып, катуу жазасын алышат деген үмүттөмүн. Уурулар буга чейин деле болуп келген. Ал жаңылык эмес. Бирок, мобулардын уурулугу жүз эсе жийиркеничтүү. Анткени, балдардын каны менен келишип, ошол антты бузушту. Бул кечирилгис чыккынчылык. Жазасы дагы жүз эсе катуу болуш керек.

– Эмне үчүн мэр болгондо кош колдоп колдогон депутаттардын баары бүгүн ага каршы чыга калышты?

– Шаардык кеңештин депутаттары көбүнчөсү өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп жүргөндүгү баарыбызга маалым. Ушунчалык коркок, кол алдындагы бакма балдардай. Буларга ишенүүгө болбойт. Эртен душман келип, талкаласа дагы, аны бир колдон кол чаап, чапан жаап, калпак кийгизип, колдоп беришээри анык. Эмне дейбиз эми? Аман болушсун.

– Албек Ибраимовду укук коргоо органдары кайсыл иштери үчүн жоопко тартса болот?

– Албек Ибраимовдун былыктары толтура. «Дастан», аэропорт, мэрияда. Баардык материалдар даяр. Мен бирок ушул азыркы УКМК жана АКС жетекчилигинин ишине ичим чыкпай турат. Мына колго түшкөн мурунку премьер-министрлерди жана мэрлерди жакшы тергей албай атышат, өздөрү да кыйналып, аларды да кыйнап. Чалажан кылып соё албай, мокок болуп атышат. Ошол эле көрүнүш мына ушул Ибраимов менен кайталанбаса экен. Буларды байкуш кылып көрсөтүп, саясий репрессиянын курмандыктары кылбай.

– Башына кыйын иш түшкөндө кыргыз саясатчылары Кыргызстандан качып кеткен адаты бар эле. Ал да качып кеткен жокпу? 

– Ал тоодо колго түшпөй, суракка келбей жүргөнү анык. Аны, менимче, УКМК калп эле “издөө жарыялаган жокпуз” деп сооротуп атышат бизди. Бирок, мына бир канча биздин мекендештер өз көздөрү менен Шереметьеводо сүрөттөрү илинип тургандарын көрүшүптүр. Албек жанагы шаардык кеңештин жыйынына дагы ошол камакка алынгандан коркуп келген жок. Чек арадан өтүп кеттиби же жокпу, мен билбейм. Ага, бирок, Атамбаев уруксат да берип, «качып кетсе, таң калбайм» деп дагы айтпадыбы. Бирок, албетте, Албек качып кеткен болсо, азыркы УКМК төрагасы менен Башпрокурор сөзсүз ошол замат отставкага кетиши керек. Бул кечирилгис катачылык болот. Биз кечирбейбиз, коомчулук эч качан аларга ишенбейт. Айтып коёюн, «мало не покажется».

– Осмонбек Артыкбаевдин ооруканага чыкканы бийлик тараптан жылуу жумшак мамиле болуп жатканын айгинелебейби?

– Осмонбек Артыкбаевге жана башкаларына ден-соолук каалайм. Сот кимди күнөлүү деп аныктаганга чейин, баары күнөөсүз. Ошондуктан кандайдыр бир шарт түзүлүп берилсе, менде каршылык жок.

– Эдил мырза, Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганы түрдүү талкууну жаратты. Бул маселе боюнча Бекназаров менен Отунбаева дагы өз пикирлерин билдиришип, “кылмыш ишинин кыскарышы туура эмес болгон”дешти. Сиз кандай комментарий бересиз?

– Конгантиев сегиз жыл бою жоопкерчиликке тартылган эмес. Ага кандайдыр бир иш козголо турган болсо, эмнеге ошондо эч кандай аракет болгон жок. Эмне Бекназаровдор менен Мискенбаевдер азыр ойгондубу? Же өмүр бою Конгантиев «качан мага келишет?» деп жашашы керекпи? Бул акыйкаттыкка жатпайт. Бир жаңсыл кылыш керек болчу. Сегиз жылдын ичинде болгон жокпу, анда жанагыдай эле ишин кыскартып салуу – туура эле чечим болгон деген ойдомун. Мен ошол эле күндөрү Камбаралы агасына жолукканымда, чын жүрөктөн ал кишиге ден-соолук тилегем. Молдомуса Таласта өлүп калганда, тарых да башка нукка бурулуп кетмек… Бул киши, Кудай жалгап, тирүү калды. Ошого миң мертебе ыраазы болушубуз керек. Бекназаров болсо азыр, түштөн кийин, муну саясат кылып, бир ызы-чуу чыгарып, ошондон улам баягы өзүнүн өчүп калган атын кайра жандаткысы келип атат. Ал го түшүнүктүү. Мен Роза Исаковнага таң калдым. Ал киши жалпы элдин аксакалы болуп, экс-президенттик функциясын так аткарса деген тилек. Бизди ынтымакка чакырып, жаратмандык ишин уласа. Эски ызы-чуу, уруштарды кайра-кайра козгобой, элибизди келечекке жетелесе туура болот эле.

Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: