Menu

Видео – Алматыда 4 жашар баланы сүзүп, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочу изделүүдө

Бөлүшүү:

Алматы шаарынын жашоочулары полиция менен бирге 4 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп кетип, үстүн жаап, бадалдын түбүнө таштап кеткен айдоочуну издөөдө. Оорудан онтоп, башы канга боёлгон баланы ошол жерден өтүп бараткан аял кокустан таап алган.

Баланы таап алган аял аны видеого тартып, туугандарын издөөгө аракет жасаган. Бул окуя интернет колдонуучуларынын үшүн алды.

Окуя 16-июлда Алматынын Чыгыш айланма автожолунун тегерегинде болгон. Жабыр тарткан баланын ата-энеси социалдык түйүндөрдүн жардамы аркылуу табылды. “Мен жумушка кетип бараткам, балдар короодо ойноп жатышкан. Мен аларга үйгө киргиле деп кыйкыргам. Анан жумуштан мага бул роликти көрсөтүштү, эс-учумду жоготуп койдум. Азыр дагы сүйлөй албай жатам, оор ”,-деди атасы Мурат Аскароглы.

Наристе азыр ооруканада комада жатат. Аны жасалма жол менен дем алдырышууда.

Баланы сүзүп кеткен айдоочу алгачкы медициналык жардам көрсөткөн эмес. Ал баланы жабуу менен жаап, бадалдын түбүнө таштап койгон. Наристени таап алган аял дагы, видеону социалдык түйүндөрдөн көргөн казакстандыктар дагы айдоочу кудай алдында жооп берерин айтышууда.

Алматы полициясы шектүүнү таба элек жана 16-июлда болгон жол кырсыгы тууралуу билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: