Menu

Ооганстанда жанкечтинин чабуулунан 20 киши мерт болду

Бөлүшүү:

Ооганстандын түндүгүндө жанкечтинин кол салуусунан 20 киши, анын ичинде талибдердин кол башчысы өлдү.

Сари-Пуль провинциясынын полиция башчысы Абдул Каюм Бакизой кол салуу жергиликтүү аксакалдар “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда болгонун маалымдады.

Чабуул үчүн бир дагы топ жоопкерчиликти өзүнө алган жок, бирок Бакизойдун айтымында, кол салуунун артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турат.

Провинциянын кеңеш башчысы Мухаммед Нур Рахман болсо, жардыруу мечитте жаназа окулуп жаткан маалда болгонун билдирүүдө.

Бир нече күн мурун “Талибан” менен ИМ тобу Ооганстандын түндүгүндө катуу кармаш жүргүзүшкөн. Бакизой эки тарап тең жоготууларга учураганын, жүзгө чукул жоочу өлтүрүлгөнүн билдирди.

Бул арада ооган аткаминерлеринин айтымында, түштүктөгү Гильменд провинциясындагы талибдердин түрмөсүнөн ондогон киши чыгарылып кеткен. Алардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жана карапайым тургундар бар. Провинция губернаторунун маалымат катчысы Омар Звак 17-июлда билдиргендей, Муса-Кала районундагы бул түрмөдө атайын рейд жүргүзүлүп, 54 киши куткарылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: