Menu

Башка ЖОЖдорго тапшырган абутуриенттердин саны азайып жатса ОшМЮИге тапшыргандардын саны көбөйүп жатат

Бөлүшүү:

Башка ЖОЖдорго караганда Ош мамлекеттик юридикалык институтуна (мындан ары ОГЮИге) тапшыргандардын саны кыйла калыңдады. Дал ушунун өзү укуктук мамлекет куруу аракетибиз абдан күч экендигин бекем ырастап турбайбы. Муну ОМЮИнин быйылкы кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Куштарбек ЖУСУПБАЕВ дагы кабарчыбызга курган маегинде танган жок.

-Куштарбек мурза, жашырып не, Ош мамлекеттик юридикалык институту – Кыргызстандын түштүгүндөгү юриспруденцияга гана адистешкен жападан жалгыз жогорку окуу жайы. Быйыл негедир ОМЮИге тапшыргандардын саны арбын го?

-Ооба, абдан туура баамдапсыз. Сот, прокуратура, тергөө, криминалистика, адвокатура, бажы иши, соттук экспертиза, башкаруу адистиктерин тандагандар кыйла эле арбыды. Демек, дал ушунун өзү соңку тапта мекендештерибиздин укуктук сабаттуулукка бекем ыктагандыгын дагы бир ирет бекем айгинелеп тургансыйт. Албетте, азыркы заманда мындай кадам — эң жакшы жышаан.

-Себеби?

-Каалайбызбы, каалабайбызбы, бүгүнкү таптагы жарандар ортосундагы коомдук ар кандай мамилелер бүт юриспруденция (укук таануу) аркылуу гана жөнгө салынып турат. Демек, кадрлар баарын чечет. Ага улай сандан сапатка өтчү мезгил дагы эми келди. Чынында, муну кыйгап өтүү дегеле мүмкүн эмес!

-Ошентсе дагы адамдан амал деген качып кутулбайт эмеспи. Окуу жайына талапкерлерди иргөөдө жемкорлук, тааныш-билишчилик дагыле өкүм сүрүп жаткандыр?

-Ош мамлекеттик юридикалык институтуна бардык талапкерлер быйыл деле жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТнын) негизинде гана кабыл алынышат. Алар болгону кабыл алуу комиссиясына талон гана тапшырышат. Мунун жыйынтыгы көрүнүктүү жайга – Мониторингге даана жайгаштырылат. Сиздер шек санагандай, бул көрсөткүчтү эч ким оңдой дагы, жасай дагы албайт!

-Баса, ОМЮИнин курамында шартка жараша заманбап билим алуунун башкача деле ыкмалары бардыр?

-Албетте! Институттун алдында дистанттык окуу борбору кадимкидей иштеп жатат. Мындан тышкары сырттан окуу юридикалык факультети дагы калктын кызматында. 9-11-класттардын базасында юридикалык коллежди бүтүргөндөр андан ары тандаган адистиктерине жараша институттун 2-, же 3- курстарынан билимдерин улантууга толук мүмкүнчүлүк алышат.

-Куштарбек мырза, жаштарга – дегеле Сиздерге тапшырып жатышкан талапкерлерге ириде эмне каалайт элеңиз?

Эң башкысы: кесипти тандоодо эч жаңылбагыла, айланайындар? Анткени, болочоктогу жумушуң – бул бакыбат жашооңдун башаты. Демек, бул өмүрдө ар бир инсан таалайлуу жашоого жана артында айтаарлык из калтырууга акылуу!

Алишер Токсонбаев

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: