Базар-Коргон районундагы 51 гектар аянттагы куураган чөп жана 1148 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун Акман айылындагы ачык аянттагы чөптөр күйгөн. Аны өчүрүүгө 18 куткаруучу жана жергиликтүү калктан 10 киши тартылды. Баса, тилсиз жоонун келип чыгышына отко этиятсыздык менен мамиле кылуу себепкер болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ