Menu

Т.Ормуков, көзү азиз акын: “Дары-дармегимден арткан акчаны Атамбаев менен Бекешовго берем”

Бөлүшүү:

Эски бийликтин өз элине көрсөткөн зомбулугун ашкерелеген көзү азиз активист, акын Темирлан Ормуков да азап чекпеди беле. А.Атамбаевдин жасоолдору анын аялуу абалына карабай кылмыш ишин козгогондо каршылык иретинде ичин лезвия менен  тилип жиберсе да Бишкектеги 91-СИЗОго камалган болчу. Ал  тургай акча үчүн ак адамды да каралап жиберүүдөн кайра тартпаган соттор өмүрү бир жерле иштеп, бир сом таппаган ушул  Т.Ормуковго 50 миң сом айып  салган эле. Канткен менен бийлик алмашканда эркиндикке чыгып,  адилетсиз чечими үчүн Жогорку соттун үч судьясынын өзүнө  кылмыш иши козголуп отурат. Эми Т. Ормуков экс-президент Алмазбек Атамбаев менен парламенттеги КСДП фракпиясынын  депутаты Дастан Бекешевдин  пайдасына акча өндүрүү тууралуу буга чейин сот чыгарган чечимди аткаруу үчүн 50 миң сом чогултканын, аны экөөнө жибере турганын жарыялады. Эмнегедир бул оңой эмес акчаны жалаң тыйын чогулткан жана анын себебин ал мындайча түшүндүрдү: “- 2013 жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин видеосун көрүп, ыр жазып койгом. Кийин Дастан Бекешев экөөбүз уруша кетип, ал менин ырымды көтөруп барып «президентти ар-намысын коргоп бергиле» деп Башкы прокуратурага арыз жазган. Башкы прокуратура үйүмдү камакка алып, жалган жалаа менен кылмыш ишин козгоду. Ага кошумча Бекешев мени сотко берип, жыйынтыгында Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Жолдошалиев менден 50 миң сом өндүрүү боюнча чечим чыгарган. Учурда ал чечим токтоп турат. Анткени  шаардык сот кылмыш иши кайра каралып жатканына байланыштуу аны токтотуп койду. Ошого карабастан мен акчаны төлөйүн деп чечтим. Анткени, чатак башталган кезде эле «акыр-аягы булар өндүрүп алат» деген ойдо акча чогулта баштагам. Жүрөгум ооруп ооруканага жатканда адвокаттарым, активисттер эсеп ачып, акча чогултуп беришкен. Мен дары-дармек алып, арткан акчаны тең экиге бөлүп, экөөнө берип коёюн  деп чечтим”.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: