Menu

Оппозициядагыларды бийлик чыдаса ишке койсун

Бөлүшүү:

Кандай бийлик келсе да оппозициядагыларды кызмат берип тынчыта албай койду деген кепти таратышат. Ушундай илдеттен кутулуунун аргасы табылабы? Ооба, эгерде каалоо болсо оңой эле андай башты чаташтырган маселени жолго салып койсо болот. Буга бийликтин башында отургандар, анын кеңешчи-таңашчылары ийри отуруп түз чечкен багыты оң төлгө болуп бермек. Тилекке каршы аябай “мыкты стратегдер” ортодон чыга калып, ар кимдин жалаң кемчилигин чукуй берип “сасытып” жибергени боюнча узун сабак имиштер таралганы деле калп эмес. Көп маселенин тескери чечилип калышына ошолор себепкер. Бүгүн кечинде чабышкан алакандар эртең менен башкача болуп добуш берип калганда оозуң Ошту карабаганда эмне болмок эле? Мындай окуялар азыркы тапта деле жүз бергени тууралуу мисалдар санап бүткүс.

Акыйкатчынын, Бишкек мэринин, башка тармактардын бош орундары бар эмеспи? Сөзсүз эле “өз короодон” тандалган кадрлар чоң кызматтык орундарды ээлеши керекпи? Чакырып, кеңешип көрүп макул болсо жөндөмүнө ченеп кызмат сунушташса элдин көз карашын өзгөртүүгө чыйыр салынмак. Анан көрөт элек эмнеге дарамети жетерин. Эгерде ордун таап кетсе кызматтан көтөрүлмөк, жарабаса ылдый карай сүрүлүп түшмөк. Негизи булар деле биздин катардагы мекендешибиз экенин да танмак белек? Айтор, теңчилик заманды орнотууга сонун шарт түзүлдү деп айтуунун мезгили келсе гана атаганат!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: