Menu

Ашыкча байлык баш жутабы? Акча соргучтардын ашказаны таштай болуп калабы?

Бөлүшүү:

Биздин өлкөдө алгач байпак сатып министр болгондор, текенин этин арбын даярдап, кийин байманасы ашкан “касапчы” сот атыккандар, жамактатып сүйлөп жүрүп депутаттык мандатка жеткендер, шыргалаң сууну кечип безип кетүүнү үйрөнүп миллиарддарды мыкчыгандар, канайымдын этегине мурдун сала коюп чиновниктик даражаны ээлегендер басымдуулук кылат. Ал эми тага-жээндер, аке-үкөлөр, кудаа-сөөктөр, өкүл балдар, жарма достор болсо жылуу орунду камсыз кылып келатышкан кези. Каражат топтоп алган олигархтар, көпөстөр көз тайгылткан тойканалардын, пансионаттардын, соода борборлорунун, гектарлаган жерлердин, май куючу жайлардын, кабатталган турак-үйлөрдүн, базарлардын, кино театрлардын, тигүү цехтеринин, түнкү клубдардын, көмүскө казинолордун чыныгы ээлери. “Серый кардиналдар” болсо ири компаниялардын, банктардын, акча тынбай агылып турган майлуу жерлердин үлүшүнө ээлик кылышат. Ток этерин айтканда эпчилдер дале болсо алаканын ысыткан жашылбайлардын кучагында болуп, жашоосун жыргалга айлантып алышкан. Мына ошондой байлар эч убакта атасынан калган байлыктын эсебинен дөндөйгөн жок да? Алар мамлекеттик устукандуу кызматтардын кунарын кетиришип, элдин ырыскысына колун салып жүрүп ушундай мартабага жетишкен.

Арийне, буга да өзгөчө талант, шык керек тура. Эгерде андай ыгын тапкан жөндөм болбосо башкаларга окшоп эле курсагынын тойгонуна, жакшы кийим кийгенине, конокко барганда төрдө жай алганына, устукандын барктуусун жегенине мактанып жүрүп кызматтын көркүн чыгара алмак эмес. Бул турмушта нелерди гана көрүп, оозубуз кулагыбызга жеткен жок дейсиң? Айрыкча өрүктүн ширин даамын бала кезден татып билгендер акчанын кереметин да андан артык сезише турганын байкаган жокпуз десек кара жаныбызды жеп калаарыбыз чындык. Маселен, болгон сайын көзү тойбогон бир адамдын “өнөрүн” ал тургай жанында жүргөн “санаалаштары” деле башында туйбаптыр. Баткенден борборго келген Аскар Шадиевдин шыктуулугуна таң калбагандар азыр чанда кездешет. Колуна тийгендин баарын томолоктоп, жумалактап кекиртегине тыга бериптир да ылгабай. Ошондон улам ашказаны ташка айланып, сугунганынын баары сиңип кетет окшобойбу? Ат минип көрбөгөн кишинин образындагы кайбар байып кетүүгө кененчиликти байкаган соң түн уйкудан калып, күржүңдөп иштеп, сооданын акесин тааныткандан кийин парламентке келүүгө, үлкөн кызматты бөктөрүүгө кадамын кере таштагаганы жөн жерден болбогон турбайбы? А мындайынан карасаң орто эле жашаган бирөөдөй баамдалат. Ийнеликтей ийилчээк, чөптөн жапыз жүрөт жигин билгизбей.

Анын эч убакта тыңсынып, кекээрленип сүйлөгөнүн, өпкөсүн кагып мактанганын уккан эмеспиз. Бул да болсо өзүнчө кеп кылууга арзыган сапат десек неге болбосун? Тилекке каршы жаңы бийликтин “бороонуна бөйрөгүнөн” илинген депутат айласы жогунан качып кетти. Болгондо да Американы көздөй зуу койду, чиркин! Акчасы самандай сапырылгандыктан учак менен каалаган жерине жетип албадыбы? Бечара бирөөгө эс алууга путевка берилсе, же конкурска катышууга жолдомо алса жол киреге каражат табалбай айласы кетерин неге калпка чыгармак элек? Акча соргуч “макамга” ээ болгон киши жергебизде эмес Америкада жүрсө депутаттык мандаттын ага кереги барбы деген суроо жаралбай койбойт. Кимге барып мактанмак эле ал эч кимди тааныбаса? Ал эми жан багууга, же иштөө үчүн баргандардан ал жаа боюу качпаса болбойт да? Себеби, бечелге жөтөлдүн кереги не? Ошондуктан анын мандатын дагы бир күркүлгө оодарыш керектигин айта кетели. Жок дегенде мамлекеттин казынасынан 40 миң сом айлыгын тыгынчык кылып турсун жаңы келген депутат. Антпесе бөөдө жерден акча күйүп кетпейби, ботом. Буйруса, бираз мезгил өткөн соң Аскар Шадиев тууралуу “детектив” тасма тартууга жанталбастаган режиссерлор деле чыгаарына шек жаралбастыр? Ашып кетсе он миң доллар акчасын коротсо өзү тууралуу “тарыхый тасма” тартылып калат.

Мындан ашса ашат, асти кем калбайт деген дагы бир көпөстүн таржымалына токтоло кетпесек сөзүбүздүн даамы анчалык таасирдүү болбой калат. Канчалык үстүнөн түшпөй кеп кылсак дагы какый деп койбоду го чиркин! Ташбакадай болуп эле көтөрүмдүү экен ушул Раим Матраимов деген эргул. Антсе да эбин тапкандар мунун “ич майын” сызгырып сонун “палоо” кылып жыргап жүрүшөт тамшанышып. Суусундугуна болсо Суусамырдын боз бээсинин кымызын пайдаланышат. Бираз копшолуп ишаарат кылышса алакандарына шурудай болуп эле алтын куюлуп түшөт. Андай марттыгына тигилер болсо чексиз ыраазычылыгын жаадырышат, ааламга бай акесин дүң кылып. Окусаң ээгиң киндикке түшөт эргиген кептерге ээ боло албай.

Оозу “түз” капчыгы калың манаптардын кемантайын чечкенде эле жомоктогудай акчанын жыты буррр дей калганында жанында шынаарлап отургандардын көөшүлүп уйкусу келип кетет. Айтор, учурда вискиден ууртап ыракаттанган Матраимовдун анчалык көңүлү жайдары эмес. Себеби, күнү-түнү агылып турган “булагынын” башатына чым төшөлчүдөй болуп турат. Ошол үчүн мээсине кээде күч келип кетип жатпайбы? Кантсе да баштын ичиндеги мээ сааттай иштебесе ичеги, карындар кайдан майлансын? Шүгүр дегенге деле алда качан шарт түзүлгөн. Кыргызстанда гана эмес өнүккөн чет өлкөлөрдө бизнесин өөрчүтүп алган жайы бар. Анысын агалары деле жашырбай мактанып айтып калышат.Сом албаса да евронун акесин тааныткан кезинде буларга кичине көлөкө түшчүдөй абал жаралды окшойт. Канча ирет добулбас кагылса да бул кишинин дарегине бийлик тараптан азырынча шыбыш жок. Ким билет, балким колунда сыйкырдуу таякчасы бар шекилди.  Карайын дегенде эле таякчасын көтөрө салып өзүнө каршылык кылгандардын башын ылдый сүздүрүп коюп жаткандай кырдаал байкалат. Айтор, керемет күчкө толуп алган Раимдин басыктарын акырындатышса элдин “ысылыгын” басаңдатышат эле.Так ошондо өкмөттүн укуругу узун экенине ынаным жаралмак.

Арийне, акча соргучтардын катары суюк эмес. Акылбек Жапаров, Исхак Пирматов сыяктуу “дөөлөр” бар. Көрсө узун бой бергенден көрө теменедей акыл берсин деп жарыкчылыкка келгенде ысымын акылга ченеп койгон чыгар? Ак тилектер орундалып акылга маарыгандар байлык жыйноонун “философиясын” эртелеп өздөштүрүшүп, турмуштун ширинин гана чотко салууга багыт алышты. Жыйынтыгы абдан “жемиштүү” болгону сокурга да билинди. Эми булар деле ийне менен жер казбастан, мамлекеттин казынасына күрөгүн салып жиберишкени ачык көрүнүп жатпайбы, туурабы? Жок дегенде атайын ачылганг эсепке бир сомун салууга жарабаган байлардын элге кереги барбы? Сөзсүз эле козгоп, копшоп туруш керекпи, ботом? Эл катары авадан дем алып, ээнөэркин бизге аралашып жүргөнүнө каниет кылышып, бираз кыймылдасын да отура бербей? Ушундай эптекейлер болгон үчүн карызыбыз арбып, теңчилик заманды куралбай жатабыз. Жетишет, жегичтер, тойбостор карапайым тургундардын талабына ылайык сапка тизилишсин. Антпесе эзилгендердин, кыйналгандардын пешенесинен бирөө келип сылабайт. Мамлекеттик бийик тепкичтерде турган төбөлдөр калктын мүдөөсүн аткарууга астейдил киришпесе чабалдыгын айгинелейт. Демек, реформа жогору жактан жасалууга тийиш.

Булак: “Ачык сөз”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: