Menu

Бишкекке мэр болгондор соттолуп эле келатат: Кулов, Ногоев, Үсөнов, Түлеев, Өмүркулов, Кулматов, Ибраимов…

Бөлүшүү:

Акыл калчап канча баш оорутсак деле Бишкектин мэрлигине бут койгондордун басымдуу бөлүгү  жаманатты болуп кетишиптир. Анда эмесе башынан баштайлы? Маселен Аскар Акаевдин убагында мэр болгон Феликс Куловду бийлик камап салган. Дагы жакшы төңкөрүштүн амири менен эркиндикке чыкты. Арстан Ногоев болсо качып кетип араң кутулду. А.Салымбековдун эси ордунда экен убагында түйүнчөгүн түйүп кетип калды. Данияр Үсөнов да чала-була мэрлик такка отуруп көргөн. Анын деле азыркы көргөн күнү караңгылыкка чулганды. Нариман Түлеевди кытайдан алынып келинген автобустар  “басып” жыгылды. Ал аз келгенсип темир тордун ичине кирип “баландага” кириптер болгон. Иса Өмүркуловдун үстүнөн доомат токулганда  аны эптеп мурдагы өлкө башчы куткарып калды. Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши да мэрликте иштеген кезиндеги окуяга байланды.

Акыркы мэрди – Албек Ибраимовду дагы  жөн кетиргилери келбей “келекелеп” турушкан кези. Эми ага башка  ишмердүүлүгү боюнча илинчек табышаары маалым болуп калды.  Эмнеси болсо да борбордогу мэрлик кызматтын таржымалына кайрылсак соо кеткен эч ким болбоптур. И-ии баса, Борис Силаевди гана гүл менен узатышканы эске түштү. Кезек кимге келерин саналуу күндөрдөн кийин билебиз. А бирок “тозоктун” белине калтырчу майлуу орунга көз кызарткандар толтура. Кызык, эртеңкисин ойлонбой калышат окшойт а-аа  бийликке жутунгандар!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: