Menu

Шанхайда Чыңгыз Айтматовдун “Кылымга тете күн” романы кытай тилинде басылып чыкты

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-июлда Шанхай шаарындагы Чыгыш-кытай педагогикалык университетинде Ч.Айтматовго арналган жана кытай тилине которулуп быйыл басмадан чыккан “Кылымга тете бир күн” романынын бет ачарына карата “Бир алкак – бир жол” өлкөлөрүнүн Улуттук адабияты” аталган илимий конференция болуп өттү. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияны Кытайдагы кыргыз элчилиги, Чыгыш-кытай педагогикалык университети жана бул окуу жайынын алдындагы басмакана уюштурду.

Иш-чаранын алкагында ЧКПУнун проректору Ли Чжибинь, ошондой эле ЧКПУнун жана Шанхай шаарындагы ЖОЖдордун профессорлору, аспиранттары чыгып сүйлөп, улуу жазуучунун чыгармаларын жана өмүр жолун талкуулашты.

КРнын Кытайдагы Элчилигинин кеңешчи элчиси Рахман Аданов быйылкы жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык деӊгээлде белгиленип жатканын айтты. Улуу жазуучунун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымын белгилеп, анын мааракесине байланышкан иш-чаралар быйылкы жылы Кытайда да өтө тургандыгына токтолду.

Ошондой эле конференцияга ШКУга мүчө-мамлекеттердин университеттеринен жана келишкен студенттер да катышып, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан кыргыз, кытай, орус тилдеринде үзүндү окуп беришти.

Конферециянын жыйынтыгында Р.Аданов студенттер үчүн лекция өтүп, улуу жазуучунун чыгармалары жана кыргыз-кытай мамилелери тууралуу кеӊири баяндап берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: