Menu

Албек Ибраимов тоого качты

Бөлүшүү:

Окемдер “Из грязи в князи”,- демекчи, бир кезде “Дастан” заводунда таразачы болуп иштеген А.Ибраимов “патрону” А.Атамбаевдин тушунда “Манас” аэропортун, кийин Бишкек шаарын башкарып, түшкө кирбегендей карьера жасабадыбы. Кызмат эч кимге энчиленип бербегендиктен, анысына деле мейли эле. Бирок саясаттан сооданы жакшы өздөштүргөн бул эргул Максимден калган үч гектар жерди сатып ала коюп, эгер документтерге ишенсек, аны кайра шефине бир нече эсе кымбат пулдап, укмуш акча жасаган да жайы бар. Акыйкаттык үчүн айта кетишибиз керек, Албек канткен менен чарбачыл адам экен, шаардын көчөлөрүн оңдоп, коммуналдык кызматтарды кыймылга келтирип, жакшы эле иштеп аткан. Болгону ансыз деле тартыш бюджеттен 30-40 млн. сомду жумшап, ар бир көчөттү 9090 сомдон сатып алышы коомчулук арасында бир топ кызуу талкуу жараткан. Бирок коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып, УКМКга 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш иши козголгон. Ага чейин 1-вице-мэр Ринат Мокенов Туштүк дарбазадагы стратегиялык маанилүү аймак деп эсептелген 3,5 га жерди азыр АКШга качып кеткен А.Шадиевге сатып жибергендиги үчүн кылмыш иши козголуп, УКМКнын абагында жатат. Айтор иш кызып, жолдор салынып атканда бир буту УКМКда, бир буту мэрияда жүргөн А.Ибраимов жоголуп кетти. 15-июлда “Твиттер” социалдык туйүнүнүн “jnastaev” аттуу колдонуучусу Орусиянын Москва шаарындагы “Шереметьево” аэропортундагы паспорт көзөмөл бөлүмүндөгү тактайчада катуу изделип жаткан кишилердин сүрөтү турган монитордо Албек Ибраимов да бар экенин жазып чыккан. Көрсө, ал тоону көздөй качкан экен. Өткөн жумада шаар кенеши ага ишеним көрсөтпөө чечимин чыгарды. Эми А.Ибраимов тоодон түшөбү же ошол бойдон көздөн кайым болобу?

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: