– Аманбай мырза, ден соолугуңуз солгундап, ооруканада жатыпсыз? Абалыңыз кандай?
– Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Шарты катаал Теңир-Тоодо кыштыр-жайдыр эл камы менен алпурушуп, өзүмө карабай иштеп жүрө берип, кичине сыркоолоп калдым. Буюрса баары ойдогудай, дагы да элге кызмат кылууга ниетим бар.
– Сизди Атамбаевдин кадры катары кодулап атышкан жокпу?
– Мен мамлекеттин солдатымын. Башкалардай болуп өзгөрүп, Алмазбек Шаршенович кызматтан кетсе эле аны жамандабайм. Керек болсо эртең Сооронбай Шариповичке да тескери сөз айтпайм.
– Камчыбек Жолдошбаев менен кер-мур айтыша кеткениңизди угуп калдым…
– Ооба, Нурлан Макеевдин өлгөнүндө жолугуп калып, кичине катуу айттым. «Эй, Камчыбек байке, аркы-берки сөздөрдү айтпай эле эркекче жүрбөйсүзбү?! Пайгамбар жашынан ашып калдыңыз, болбодубу эми, уят да!» деп кактым.
– Сиз Аскар Салымбековго болушуп эле омуроого алып атсаңыз керек…
– Аскар байкем боюнча айтпаган сөздү айтып, каралап жүрбөйбү. Ал мени да шыбайт. Эгерде маселеси болсо, эркекче эле беттешип, чечишип алса болот да.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ