Menu

Өзбекстанда райондук милиция башчысы дыйкандын мурдун сындырды

Бөлүшүү:

Жизак облусунун Янгиабад районундагы дыйкан чарбасынын башчысы Сардор Курбанбаев жергиликтүү милициянын жетекчиси Ильхом Сулаймонов аны сабап, мурдун сындырганын билдирди.

Дыйкандын айтымында, 7-июлда акимчиликтин буйругу менен ал комбайндардын бирине жооптуу болуп дайындалган. Бирок иштебей турган комбайнды оңдоо үчүн бир топ убакыт талап кылынгандыктан, аны өз учурунда талаага чыгара алган эмес.

– Талаага милициянын башчысы райондун акими жана прокурору менен бирге келди. Алгач аким комбайнды эмнеге оңдогон жоксуңар деп бизди кемсинте баштады. Милициянын башчысы Ильхом Сулаймонов болсо жумушчулардын бирин тээп жиберди. Райондук айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Уткир Омоновго кайрылып, эмнеге буларды карабайсың деп аны дагы бир нече жолу тепти. Андан соң мага келип, күтүүсүздөн мурдума урду. Жыгылып калганыма карабастан тепкиледи. Мурдуман көп кан кеткенин көргөндө гана ары басып кетти. Ошол маалда анын оозунан арактын жыты келип жаткан», — деди Сардор Курбанбаев.

Күбөлөрдүн биринин билдиришинче, райондун акими менен прокурору милиция башчысынын адамдарды сабап жатканын карап турушкан. «Милиция башчысы Ильхом Сулаймонов мас болуп алып адамдарды кемсинтип, аларды сабады. Ал Сардордун мурдун сындырып, канжалаган боюнча талаада таштап чиновниктер менен кетип калды. Ал көп кан жоготуп өлүп калса эмне болот эле?», – деди ал.

Сардор Курбанбаевдин айтымында, ооруканада анын мурдундагы сөөктөр сынганы ырасталып, операция жасалган. Бул окуядан кийин ал Жизак облустук прокуратурасына, Улуттук коопсуздук кызматына жана Ички иштер министрлигине даттанган. 17-июлда ал көрсөтмө берүү үчүн облустук прокуратурага чакырылган. Ошол эле күнү дыйкан прокурорлорго соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын берген.

Милиция башчысынын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Янгиабад акимчилигинин башчысы Икрам Матиев райондо Сардор Курбанбаев аттуу дыйкан жок экенин жана мындай окуя болбогонун айтты. Бирок ошол эле маалда өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: