Menu

Күзгө карай генерал Жусубалиевге оомат оогону турат

Бөлүшүү:

Кызматтан кеткенине төрт жылдай болсо да генерал Бакыт Жусубалиев эч кандай саясый күчтөргө азгырылбай, оор салмактуу мүнөзү менен мамлекеттүүлүктүн бекемдигине, өсүшүнө салым кошууга ниеттенгенин байкап жүрөбүз.

«Топуктуунун тоосу кулабайт» дегендей, агабыз Бакиевдин кандуу режиминде да төрт жылдан ашык бош жүрүп, 2010-жылы эл үчүн оор шартта кызмат кылып берген. Кырдаал курч кезде Чүй ОИИБсин жетектеп, андан министрдин 1-орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн эле. Генералдык чин-даражага татыктуу түрдө ээ болгон. Андан соң «Манты кулак» сыяктуу интригандардын жогору жакка жамаңдоосуна теңелбей, жигитче кызматынан баса берген. Бирок, элдин уулу акыры калкыбызга керек болот экен да. Черик уруусу жакында генерал Жусубалиевди башчы кылып шайлап алуунун астында турушат. Мындан сырткары, журналисттер, чыныгы профессионал полковниктер, дээрлик коомчулуктун каймактары каарманыбызды колдоп атышыптыр. Сыягы, күздө Бакыт мырзага оомат оочудай болуп турат. Ал жагы азырынча сыр болсун…

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: