Menu

Абдывахап Нурбаев: Продукцияларды экспорттоодо транспорт маселеси чоң көйгөй жаратып келет

Бөлүшүү:

– Экспорт тууралуу кеп козгосок. Канчалык айтпайлы-дебейли, экспортту көтөрүү ойдогудай ишке ашпай келет. Биз каалаган продукциябызды экспорттогонго кандай тоскоолдуктар бар?

– Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык деңгээлде өнүгүүбүздүн үч негизги рычагы бар. Анын биринчиси, логистикалык сервистин өнүгүшү же транспорт маселесинин чечилиши, экинчиси, өндүрүш секторун өнүктүрүү жана үчүнчүсү, инновация. Буга чейин бир канча позитивдүү аракеттер жасалып келди, бирок кыргызстандык ишкерлердин негизги маселеси транспорттук көйгөй болуп жатат. Азык-түлүк же башка продукцияларды экспорттоого жеткирүү үчүн транспорт маселесин чечиш керек. Жеткирүү бир канча миң АКШ долларын сарптагандыктан, товардын баасы да жогорулап кетет. Мына ушунун негизинде, көптөгөн ишкерлерибиз экспорттоонун техникалык көйгөйүнө туш келүүдө. Буга кошумча, Кыргыз Республикасы «ВСП+» макамын алган. Бул аркылуу Европа рыногуна эч кандай тоскоолдуксуз алты миңден ашык кыргыз продукцияларын чыгарууга азыркы күндө мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстандык ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү, анын ичинде дүйнөлүк стандартка ылайыктуу жооп бере алган лабораторияларды куруу жана башка инфраструктураларды аягына чыгаруу болуп саналат. Ишкерлерибизге жардам берүү үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде соода агенти (башкача аталышы мүмкүн) штатын ачып, ишкерлерибиз менен ал өлкөлөрдү байланыштыруу, аларга консультация жана жардам берүүчү милдетин аткарса жакшы болмок. Бул сунушту өкмөткө айтып, азыр 3-5 элчиликтерибизге соода агенттерин киргизүүнү пландап жатышат. Мен токтолуп өткөндөр көйгөйлөрдүн азы гана. Экспортту өнүктүрүү үчүн жалпы мамлекеттик саясат жүргүзүү керек.

– Бийлик адамдары менен ишкерлер ортосунда кандай келишпестиктер бар? Ишкерлерге бийлик тарабынан басымдуулук кылуу өнөкөтүнөн арылуунун жолдору барбы?

– Бийликтеги органдар баардык маселелерди көзөмөлдөөнү жана баардык иш алар аркылуу бүтүүсүн каалашат. Бирок, биз мындай жол менен өнүгө албайбыз. Ишкерлик эркин болгондо гана өнүгөт. Бизнеске мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтышыбыз керек. Өлкөбүздө ишкерлерди текшерүүгө үч жылга мораторий киргизүү каралып жатат, бул ишкердиктин өнүгүүсүнө, жаңы жумуш орундарынын көбөйүүсүнө алып келет.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: