Menu

Генерал Суваналиевден үлгү ал!

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Таласка болгон иш сапарында президент Сооронбай Жээнбеков «Кадрларды ротациялоо салтын жандандырууга мезгил келди. Түндүккө келсем, «түштүктөн кадрлар көбөйүп кетти», түштүккө барсам, «түндүктөн көбөйүп кетти» дешет. Райондорго барсаң милициянын жетекчиси, прокурор, УКМК ошол райондон отурат. Анан кантип алар кылмыштуулук, коррупция менен күрөшөт?» деп суроо салып, буга чейинки кадрдык ротация аркылуу иштегендерден ачык мисал келтирди. «Султан Ибраимов – Чүйдүн кулуну, Ошко барып иштеген, аны бүгүн да жергиликтүү эл жакшы сөздөр менен эстейт. Мындан тышкары, кадрдык ротациянын мыкты үлгүсү катары Ахматбек Сүйүмбаев, Бейше Жапаров, Арстанбек Дүйшеев, Корчубек Акназаров, Рысбек Айдаралиев, Бекмолдо Ишимов, Бусурманкул Таабалдиев, Өмүрбек Суваналиев» деп аттары аталган таластык кадрларды да ротация эпкини менен өлкөбүздүн түрдүү аймактарында иштегенин айтып өттү.

Албетте, жогорудагы президент мисал келтирген кадрлардын дээрлик баарысы (генерал Өмүрбек Суваналиевден башкасы) тээ союздун шинелинде иштегендер экени маалым. Ал убакта Москва бийлиги советтик системанын үлгүсүн жараткан биздин кадрларды өлкөбүздүн кай аймагына жибербесин алар «кыңк этпестен» буйрукту аткарышчу. Антпеске алардын аргасы жок эле. Кийин эгемендүүлүктү алган жылдары эски системанын бул эрежеси башында анча-мынча болсо да сакталып келгени менен акыркы убактарда жокко чыгып, соңку 15 жылдан бери кадрларды ротациялоо эпкини биротоло кыйраганын кайда катат элек? Азыркы саясый «сахнаны титиретип» жаткан саясатчылардын (анча-мынчаларын эске албаганда) бири да кадрдык ротациянын жүрүшү менен бир регионго барып иштеп келишкен эмес. Кана, мындайга кимисин мисалга тартсак болот? Ошол эле Атамбаев да Кыргызстандын бир да аймагына чыгып иштеп көргөн эмес. Азырынча мындай мисалга кийинкилерден президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилеген айтылуу Өмүрбек Суваналиевди белгилөөгө болот. 58 жаштын кырындагы түбү таластык эр жүрөк генерал чет өлкөдөн милициянын жогорку окуу жайын аяктаганы өзүнүн эмгек жолунда өлкөбүздүн бир катар аймактарында укук коргоо жаатында үзүрлүү иштеп келгени белгилүү. Эмесе, сөзүбүздү кургак кылбай, ушул жерден жандуу мисалдарды алдыңарга тартуу этели.

Карьералык жүрүштөрүнүн алгачкы жылдарын Чүйдүн Аламүдүн районунан баштап, 23 жашында Кара-Көл шаарынын жергиликтүү милициясынын жетекчилигине барган Суваналиев 30 жашында өлкөбүздөгү эң чоң Ысык-Көл районунун жана Чолпон-Ата шаарынын милиция башчылыгына дайындалган. Андан кийинки карьералык секиригинде Каракол шаарынын милиция башчысынын орун басары, Нарын ОИИБ башчысы, УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы катары белсемдүү иштегени, коррупция, кылмыштуулукка каршы катуу туруп, Афганистанга өтүп бараткан ок-дары, курал-жарактар тобун толугу менен токтотуп, талкалаганы дүйнөгө дүң болгону бар. Эгемендүүлүк жылдарында кай бийлик алмашпасын андагы жетекчилик Суваналиевдин укук коргоо жаатындагы эң бийик тажрыйбасын колдонуу менен массалык башаламандык, чукул кырдаалдарды жөнгө салып турушканын кайда катат элек? 2005-жылы Акаев бийлигин таштай качып, Бишкекте массалык түрдө мародерчулук күч алганда андагы бийликти колго алгандар Өмүрбек Суваналиевди дароо Бишкек ШИИББ башына алып келишип, тажрыйбалуу генералдын колу менен баш калаадагы уурдоо-тоноолорду кыска аралыкта токтотушкан. Бакиевдердин үй-бүлөлүк, криминалдык бийлиги күркүрөп турган маалда Кыргызстандагы криминалитеттердин анабашчылары Теңир-Тоонун жайлоолоруна андагы «серый кардинал» Жаныш Бакиевден «бата алуу» менен майрам-шаң өткөрүүгө жандалбасташат. Кырдаалды уккан Нарын дубанынын ошондогу губернатору Өмүрбек Суваналиев облустагы күч органдарынын өкүлдөрүн шашылыш чогултуп, кримавторитеттерди Теңир-Тоодон кууп чыкканы жалпы журтка дүң болгону бар эмеспи. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан соң карөзгөй сепаратисттер июнь айында Ош коогалаңын козутушат. Андагы бийлик жетекчилеринин айрымдары экинчи калаага баргандан коркуп, куйруктарын кыпчып отурганда генерал Суваналиев кызматсыз жүргөнүнө карабай алгачкылардан өз эрки менен Ош ОИИББ башчысы болуп барып, кан күйгөн алааматты токтоткону карт тарыхтын бүктөмүнө жазылып калган.

Жогорудагы козголгон кеп аркылуу каарманыбызды бир беткей мактоо шарт эмес. Биз болбой эле нак чындыкты жазууну эп көрдүк. Мейли, мунубуз кай бирине жагып, кай бирине жакпаса дагы. Анткени, акыйкаттын үнү дайым талашта болуп келген. Кеп кезеги келгенде калыс сөздү айтуу менен учурда актуалдуу болуп жаткан президенттин кадрдык ротациялоо өнөктүгү жолго салынышы керектигин, болгондо да мындай саамалыкта башынан көп нерсени өткөргөн, тажрыйбалуу мамлекетчил инсан Суваналиевдин өрнөктүү өмүр жолун мамлекеттик кызматкерлерге үлгү катары тартып койгонго неге болбосун? Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Бишкек баштаган өлкөбүздүн дээрлик баардык аймактарында иштеген мындай инсандын күчүн алуу азыркы учурдун айныгыс талабы экенин жокко чыгарбоо кажет. Тазалыгы, билимдүүлүгү жана бийик тажрыйбасы менен өлкөдөгү экинин бирине айланган мындай инсан мындан ары да мамлекетке чын дилинен кызмат кылмак.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: