Menu

Турусбек Маразыковдун бир короо аспирантын аялы көзөмөлдөйбү?

Бөлүшүү:

Ж.Баласагын атындагы КУУда Турусбек Маразыков деген эргул бар. Жүргөн жери ызы-чуу. Декан болуg иштей албай, түшкөндөн кийин арызданбаган жери калбай, алтургай Акүй, Көкүйдүн эшигин жыртканы белгилүү. 2016-жылы конкурстан кулап калып, митинг-пикеттерди уюштуруп, университетти жаманатты кылып, көчөдө кыйкырып жүрдү.

Ошол жөн жүрбөгөн Турусбек Маразыков илимди да иритип жатканы кашкаябы? Маселен, «илимий адистерди даярдоо жөнүндө» жободо «бир учурда 5 изденүүчүгө жетекчилик кылууга уруксат, андан ашыгы болбойт» деп жазылган. Ал эми Турусбек Маразыков «нысапсызга кашык берсе беш ууртайт» болуп 30 аспирант, 8 докторантты («Азия Ньюс», 30.10.2016-ж.) бир эле учурда жетектеп, аларды бир үйүр кылып алдына салып айдап алган. Алардын диссертациясын бекер карамак беле? Ар биринен 1000 доллардан алса, ал эмне деген акча? Мунусу илимдеги коррупциялык схема эмеспи? Мыйзамга баш ийбеген мындай ээнбаш илимий жетекчилерди тескеп, аларга чара көрүүчү өкмөттүн алдындагы ЖАК каякты карап отурат?

Кыргыз филологиясы факультетинин окумуштуулар кеңешинде Турусбек Маразыков жогоруда аталган жобону бузуп жаткандыгы жөнүндө маселе каралып, бирок, ал кеңештин жыйынына келбей, азыркы күнгө чейин аспиранттары жөнүндө отчет бербей жүрүптүр.

Т.Маразыковдун бети калың экен, жогорудагы жобону бузганы аз келгенсип, бюджеттик орун бөлдүрүп, мурдагылардын үстүнө жаңы аспиранттарды алыптыр. Бирок, аспиранттардын саны көбөйгөндөн тил илиминин көйгөйлөрү азайып калган жок да. Мына, «Кыргыз адабий тилинин грамматикасы» 40 жылдан бери жазыла элек. Аны илимий жетекчилик кылууну хобби кылып алган Турусбек Маразыков же өзү жаза албайт же бир короо аспиранттары жазганга жарабайт. Күйөөсүнүн шаасы жетпей жаткан кыргыз тилинин бир жагын чоюшайын деген ой мененби (?) же аябай көбөйүп кеткен аспиранттарга баш-көз болоюн дегенби (?), айтор, Маразыковдун аялы Гүлнара Иманакунова да илимдин кандидаты болуптур. Турусбектин аялын жакшы билген тааныш-билиштер, замандаштар, курсташтар «илимди мындай кой, Гүлнара морфология менен синтаксис грамматикага кирерин унутпады бекен?» деп күмөндүү ойдо жүрүшүптүр.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: