Menu

Президент Жээнбеков канча бир тууганы бар экенин жана алар эмне кызмат кыларын санап берди

Бөлүшүү:

“Мен билем, азыр айрымдар түндүк-түштүк маселесин көтөрүп, “тигилер басып кетти” деп элди экиге бөлүп, мага каршы койгону аракет кылып жатышат. Алардын ким экенин да билем, алар менин мурунку досторум”, – деди бүгүн, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда активист Тимур Саралаевдин “түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү козуткан күчтөр баш көтөрүп жатат, аларга чара көрүлөбү?” деген суроосуна жооп берип жатып .

“Менин бир туугандарыма да асылып жатышат. Ушунча болуп калды, эми мен бир туугандарым тууралу да айтып берейин: биздин эң улуу агабыз Канторо Токтоматов илимдин доктору, профессор болчу, 24 жыл Жалал-Абаддагы экономика жана ишкердик университетинде ректор болуп иштеди.  Азыр көзү өтүп кеткен. Андан кийинки эжем мектепте жөнөкөй эле мугалим болуп иштейт. Андан кийинки эжем врач, жездем да врач. Андан кийинки агам Жусупбек Шариповду билесиңер, мен президент болгонго чейин эле элчи болуп иштечү, азыр деле Украинада элчи болуп иштеп жатат. Андан кийинки эжебиз айылда, Кара-Кулжада эле кичинекей дүкөнүндө соода-сатык кылып эле тиричилик кылат. Менден кийинки инибиз Асилбек Жээнбеков мен президент болгонго чейин эле депутат болчу, азыр деле депутат болуп иштеп жатат. Эми башка шылтоо таппай, ошол Асилбекке асылды да калышты. Мен айтып коёоюн, Асилбек менин ишиме аралашпайт. Биздин үйдө бири -бирибиздин ишибизге аралашпайбыз. Эгер Асилбек менин иштериме аралашса мен аны өзүм кууп чыгам”, – деди президент Жээнбеков.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: