Menu

Алматыда бычак жеген көркөм муз тебүү чебери Денис Тен каза болду

Бөлүшүү:

Денис Тен Пхенчхандагы Олимпиадада. 13-февраль, 2018-жыл.

Алматыда бычактан алган жараатынан улам белгилүү казак спортчусу, Азиянын чемпиону, Сочидеги кышкы олимп оюндарынын коло медалынын ээси Денис Тен каза болду.

19-июль кечинде Алматынын борбордук бөлүгүндө белгисиз эки адам Денис Тенге бычак сайып кетишкени кабарланып, ал өтө оор абалда дароо ооруканага жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, операция эки саатка созулган. Бирок спортчунун негизги органдары жабыркап, үч литрге жакын кан жоготкондуктан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Шаардык ички иштер департаментинен билдиришкендей, Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталып, шектүүлөр изделүүдө.

Денис Тендин өлүмү боюнча Алматы шаардык ички иштер департаментинин брифингинен репортаж:

25 жаштагы Денис Тен Олимп оюндарына жана дүйнө биринчилигине катышкан алгачкы казакстандык көркөм муз тебүү чебери болгон. Ал 2014-жылы Сочи олимпиадасында коло медал уткан. Быйыл күзүндө спортчу Франциядагы Гран-Приге катышууну пландап жаткан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: