Menu

22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн

Бөлүшүү:

Ош облусунун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн. Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денеси Ноокаттагы суу сактагычтан табылган.

22 жаштагы кыздын жансыз денеси суунун бетине калкып чыгып калганын көргөн күбөлөр укук коргоо органдарына билдиришкен. Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, кыздын жансыз денесин алып чыгышканда, анын буттары байланып, башы жарылган абалда болгон. Маркум суунун ичинде 20 күндөй калып калгандыктан, анын денеси суу бетине калкып чыгып калган. Тергөө иштерине ылайык, окуяга шектүү катары маркумдун 47 жаштагы апасы жана 24 жаштагы агасы кармалган. Сурак учурунда 47 жаштагы аял кызын өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал кызы турмушка чыкпай жатып никесиз көз жарып алгандыгы үчүн коркутуп коюу максатында бутун байлап, сууга агызганын айткан.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: