Menu

Муратбек Бегалиев, композитор: “Маданият министри Султан Жумагулов коллегияда «кочкорлук белеңиз?», «каракулжалык эмессизби?» деп мага асылып жатты

Бөлүшүү:

Композитор Муратбек Бегалиев Кыргыз Эл Баатыры наамын албай калышына министр Султан Жумагуловду күнөөлөдү. Ал ЖМКга «Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов маданият ишмерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча коллегия өткөргөн. Анда мага Эл Баатыры наамын берүү маселеси каралып, министр баш болуп, комиссиянын мүчөлөрү добуш беришти. Министр Султан Жумагулов төмөн баа бергенден кийин коллегиянын бардык мүчөлөрү дагы төмөнкү баасын беришти. Добуш берүү маселеси каралып жатканда министр «кочкорлук белеңиз?», «каракулжалык эмессизби?» деп мага асылып, башкача мамиле жасап жатты. Министр «сиз бул наамды алуу үчүн беш жылдан кийин орден алышыңыз керек, андан кийин дагы бир орден алышыңыз керек» деди. Анан чыдабай кетип «мен сага жаш бала эмесмин. Мындай мамиледен кийин, ушул окуядан кийин мен бул жерде отура албайм» деп чыгып кеткем» деп маалымат таратты.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: