Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 18-июлда берген маалымат жыйынында айтты. Анын айтымында, көпчүлүгү Орусиянын аймагында каза болушкан.
«Чет өлкөдө жашап жана иштеп жүрүп, кырсыктан же оорудан каза болгон кыргыз жарандарынын саны 121. Анын 80ге жакыны Орусиянын аймагында, 63ү Москва шаарында каза болгон. Ал эми алардын сөөгүн жеткирүү үчүн Кыргыз мамлекетинин миграция кызматы жана биздин элчилик керектүү документгерди чогултууда жардам берип жатат. Андан сырткары авиакомпаниялар менен да сүйлөшүп, акысыз жеткирилип келүүдө» деди Абдылдаев.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ