Menu

Эмне үчүн Казанованы катынпоз катары айтышкан?…

Бөлүшүү:

Джакомо Казанова дегенде элдин көбү аялдарды колкаптай эле алмаштырган жеңил ойлуу эркекти элестетишет. Бирок, чындыгында андай деле эмес. Замандаштарынын айтымында, Казанова өз мезгилинин эң билимдүү, ошол эле учурда табышмактуу адамы болгон.

Актриса манен аристократтын уулу

Казанова 1725-жылы 2-апрелде Венецияда туулган. Анын чыныгы аты Джакомо Джироламо. Ата-энеси Гаэтано Джузеппе Казанова менен Дзанетта Фарусси актёрлор болушкан. Бирок, дагы бир версия боюнча, Джакоманын өз атасы венециялык патриций Микеле Гримани имиш.

Джакомо таенеси Марция Фаррусинин колунда тарбияланат. Кичинекей кезинен эле жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып, он алты жашында Падуан университетин бүтүрүп, эки тармак: Кудай таануу жана укук боюнча доктордук даража алат. Окууну бүткөндөн кийин саякатка аттанып, адегенде гректердин Корфу аралына, андан соң Константинополго барат.

Баардык ишти жасаган чебер

Колунда эч кандай каражаты жок болсо да Казанова өзүн ар кайсы тармактарда сынап көрөт. Британиянын энциклопедиясында ал «динчил, жазуучу, аскер, тыңчы жана дипломат» деп мүнөздөлөт. Ал математика, тарых, каржы, музыка менен да шугулданып, граф Вальдштейндин Чехиядагы Дуке замогунда китепканачы болуп иштейт, атүгүл Масон орденине да мүчө болот.

Джакомо бүт Европаны кыдырып, Францияда, Голландияда, Испанияда, Австрияда, Россияда, Швейцарияда, Пруссияда, Польшада болот. Руссо, Вольтер, Моцарт, Сен-Жермен сыяктуу ошол мезгилдин эң белгилүү адамдары менен таанышат. Монархтар, министрлер, кардиналдар, атүгүл Рим папасы менен да мамиледе болгон.

Дипломатияга сиңирген эмгеги учун папа Климент он үчүнчүнүн колунан «Алтын шпора» орденин алат. Ошол эле учурда венециялык инквизаторлор «сыйкырчылык, магия менен шугулданды» деген айып менен аны беш жылга Пьомби түрмөсүнө камоого өкүм кылышат. Бирок, Джакомо кошуна камерадагылар менен чогуу тарыхта биринчи жолу ал түрмөдөн качып чыгат.

Өзү венециялык өтүкчүнүн небереси болгонуна карабастан, «Шевалье де Сенгальт», «Граф Яков Касанова де Фарруси» деген аттар менен Казанова Францияда король Людовик он бешинчиге кызмат кылып, жашыруун тапшырмаларды аткарат. Каржы министрлигинин тапшырмасы боюнча голландиялык банкирлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Испанияда ал швейцариялык жана бавариялык дыйкандарды Сьерра-Морениге жайгаштыруу планын ишке ашырууга көмөктөшөт. Россиянын императрицасы Екатерина экинчиге агрардык реформа жасап, Повольжье менен Сибирди колонизадиялап алууну, Саратовго жакын жерде жибек куртун өстүрүүнү сунуштайт.

Бирок, анын эң негизиги максаты – «Европа өлкөлөрүнүн биринин ак сарайында эң жогорку кызматты ээлесем» деген кыялы ишке ашкан эмес. Анын аракеттери убактылуу гана натыйжа берген. Казанованын «өз ишканамды ачсам» деген аракети да ордунан чыкпайт.

Казанованын жазуучулук жактан да «чымыны» болгонун айта кетүү керек. «Менин турмушумдун баяны» деп аталып, он эки томдон турган автобиографиялык китебинен сырткары, ал «Икозамерон» фантастикалык романын, «Польшадагы козголоңдун тарыхы» китебин жана башка чыгармаларды жараткан. Гомердин «Иллиадасын» Италия тилине которуп, дагы бир катар математикалык трактаттарды жазган.

Сүйүүнун рыцары

Казанованын турмушунда сүйүү окуялары көп эле болгондугуна карабастан, аны жүз пайыз «Дон Жуан» деп айтыш кыйын. Өзүнүн мемуарларында улуу авантюрист 144 аял менен байланышта болгонун эскерет. Бирок, жазган каттарынын биринде ойноштору автобиографиясында жазылганга караганда үч эсе көп болгонун моюнга алган. Ошондо анын ойношторунун саны 500гө чамалап барат экен. Жарым миңдей аял менен мамиле түзүүгө Казанованын кырк беш жылдык өмүрү кеткенин эске алсак, ал жылына орто эсеп менен он бир аялдын башын айландырган болуп чыгат. Бул, албетте, аз эмес, бирок, астрономиялык чоң цифра катары деле айтууга болбойт.

Айта кетчү дагы бир нерсе, Казанова ойношторунун баарына бирдей жакшы мамиле жасап, алардын биринин да көңүлүн калтырбаганга аракет кылчу. Колу ачык, берешен болгон. Алганды эле эмес, бергенди да билчү. Ошондон улам болсо керек, ойношторунун эч бири ал тууралуу жаман сөз айтышчу эмес. Ооздорунан шилекейи агып, алкап-жалкап эскеришчү.

«Бүгүнкү күндө да Казанованын Чехиянын Духцов шаарындагы кабырын зыярат кылганы келген аялдар акырын, байкатпастан көйнөгүн мүрзөгө орнотулган темир крестке тийгизип кетишет экен» деген уламыпггар бар. Бул алардын улуу катынпозго көрсөткөй урмат-сыйы окшобойбу?..

(Интернет булактардан)

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: