Menu

Жолдун сапаттулугун текшерген уюмга бөлүнгөн 3.5 млн. доллар пара эмеспи?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевден калган иштердеги былык-чылыктар чубалып жаткан кез. Жакынкы күндөрү дагы бир документ, келишим тууралуу «Кактус-Медиа» редакциясынан маалыматтар тарады.

Анда түндүк-түштүк альтернативалык жолунун Казарман-Жалал-Абад жана Балыкчы-Арал бөлүктөрүндөгү 154 километр, б.а. бүткөрүлгөн жолдун биринчи фазасын текшерүү үчүн түзүлгөн келишим жөнүндө айтылат. Келишимди транспорт жана коммуникация министрлиги менен «Кыргыз жол транспорт проект» түзгөн. Бул мамлекет алдында түзүлгөн эле атайын долбоор. Алардын миссиясы Кытайдын «Чайна Роуд» корпорациясы куруп жаткан жолдун сапаттуулугун текшерүү. Жолдун сапатын текшерген «Кыргыз жол транспорт проекттин» кызмат акысы 3,5 млн. долларга бааланган. Бул сумма жол сапатын текшерген уюмга берилген парадай эле чоң суммадагы акча. Гезитибиздин өткөн санында эле «кыргызстандыктар ЖЭБ чуусунан, андагы чубалган коррупциялык иштерден эсин жыя албай отурганда дагы бир иштин бети ачыла тургандай өңдөнүп калды. ЖК депутаттары эс алуудан кайтып келсе түндүк-түштүк альтернативалык жолу боюнча иш карала баштайт» деп жазган элек. Күзгө жетпей эле түндүк-түштүк альтернативалык жолу боюнча жаңы окуялар ачыла баштады. 4,4 млрд, доллар тышкы карызыбызды, элибиздин эртеңки келечегин ойлоп жүрөк зыркырап отурганда, жөн эле жолдун сапаттуулугун текшерүүгө 3,5 млн. доллар бөлүнгөнүн уксаң эсиң энгирейт экен. Айтор, жакынкы аралыкта коррупциянын туу чокусуна айланган былыктар ачылып калаар деген ишеним чоң.

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: