Menu

Тимур Саралаев, активист: “Президент Жээнбеков менен жолугушууда мурунку президенттей коркутуп-үркүтүп, сөгүп-сагып, караламай-жамандамай болгон жок”

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-июлда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жарандык сектордун жолугушуусуна катышкан активист Тимур Саралаевдин пикири:

“Мактоо эмес, болгону жолугушуу боюнча бир-эки ой…
Буга чейин оппозициялык маанайдагы саясатчы, коомдук ишмерлерди, жарандык активисттерди президенттер коркутуп-үркүтүп, сөгүп-сагып, болушунча караламай-жамандамай жагымсыз тажрыйбасы бар эле. Кандайдыр бир коомчулук менен боло турган жыйындар боло турган болсо, ал жерге “дежүр”, ыңгайлуу эксперт, укук коргоочу жана активист өңдүүлөр гана чакырылчы эле.

Ал эми бул жолугушууда болсо, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов чакырылып, абдан активдүү катышты. Нурбек, президентке сындуу, кайчылаш суроолорду берип, Сооронбай Жээнбеков менен сындуу жана кызуу талкууну жаратты. Ошондо дагы эч кимиси аша чапкан жок, чектен чыгышкан жок, бири-бирине контраргументтерди гана айтып жатышты. Менимче, президент ушул ачыктык, айкындык, “кеңешип кескен бармак оорубайт” деген принцип менен, эл менен иш алып барса, анда оңолууга жол ачылат, ал эми андай болобу, же болбойбу убакыт көрсөтөт.”

Тимур Саралаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: