Тажикстандын Тергөө органдары мурдагы энергетика министринин уулу Диловар Гуловго карата кылмыш ишин козгоду. ИИМ кызматкерин сабаган мурдагы аткаминердин уулун курал колдонуу менен бейбаштык жасоого айыпташууда.
Диловар Гулов камакка алынды, анын күнөөсү сот тарабынан далиленсе, беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
8-июлда 33 жаштагы ИИМ кызматкери Дилшод Нарзуллозода Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр жай министринин уулу тарабынан токмоктолгон. Анын мурду сынган, башынан оор сокку жеген. Буга байланыштуу ал ооруканага жаткырылган.
Унаа айдоодон улам чыккан чырга Диловар Гуловдун төрт досу да катышканы белгилүү болду. Алардын экөө – спортчу. Бардыгы тең тергөө ишинин алкагында көрсөтмө беришти. Жаңжалдын катышуучулары убактылуу камакка алынды.
Быйыл март айында Диловар Гулов ресторандагы бейбаштык үчүн беш суткага камалган.
Гул Шерали 2006-2013-жылдары Тажикстандын энергетика жана өнөр жай министри болгон. Экс-министрдин бир уулу Ашраф Гулов Тажикстан президентинин кызы Парвин Рахмонго үйлөнгөн.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ