Menu

Арашанда Албек Ибраимовдун 50дөй айылдашы аны кармоо учурунда жан сакчылары сабалганын билдиришип, экс-мэрди коргоо комитетин түзүштү

Бөлүшүү:

Чүйдүн Арашан айылында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү.

Комитеттин демилгечилери билдиришкенине караганда, ага айыл аксакалдарынан 10 адам кирди.

20-июлда эртең менен Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Албек Ибраимовдун тарапкерлери жыйын куруп, жалпысынан 50 чакты адам чогулду.

Алар Ибраимов негизсиз камалганын айтышты. Ошону менен катар УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда анын күзөтчүлөрүн сабап, үйүндөгү видеокөзөмөл тасмаларын алып кеткенин белгилешти.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен бошотулган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган.

УКМК Албек Ибраимовду колго түшүрүү маалында анын күзөтчүлөрү жабыркаганы тууралуу айыптоолорго азырынча жооп бере элек.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: