Menu

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук бир гана үй-бүлөнүн көйгөйү эмес, бул глобалдык көйгөйлүү маселе

Бөлүшүү:

Учурдун талуу маселелеринин негизгилеринин бири бул үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук экени ырас. Бул илдет же коомдогу терс адат күн санай мезгил менен жарыша арбып баратканы жалган эмес. Ушул жерден бир нерсени эске алышыбыз абзел. Бүгүнкү күндө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси Кыргызстанда гана козголгон жок. Арийне, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук глобалдык мүнөзгө ээ. Зордук-зомбулук кайсы бир чөлкөмгө же улуттук топторго, алтургай мамлекетке гана таандык эмес. Ал үй-бүлөдөгү жара. Ал эми үй-бүлө деген бүгүнкү аң-сезимдүү коомдун тутуму, мамлекеттин негизи. Маселен, Кыргыз мамлекетинин президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы № 62 токтомунда жалпы жоболордун 1-беренесинин негизги түшүнүктөр бөлүмүндө «Үй-бүлө – өз ара никеде. туугандыкта же жакындык мамиледен улам чогуу жашаган адамдар»-деп жазылган. Ток этээрин айтканда Үй-бүлө – бири – бири менен байланышы бар адамдардын тобу. Бул топтогу адамдардын укугу бирдей болушу керек.

Арийне, 2010 – жылы Конституцияда эркек менен аялдардын тең укуктуулугу бекитилген. Ал эми, 2008 – жылы Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн, мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Башта айткандай тээ 2003 – жылы эле “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо” тууралуу да мыйзам кабыл алынган. Ырасында, Кыргызстанда бул багытта күчтүү мыйзамдык база бар. Бирок ал толук иштей албай келет. Анын иштебей аткандыгынын эң биринчи эле себеби, бул жабыркаган адамдардын пассивдүүлүгү менен байланыштуу. Тагыраагы, жабыркоочулар көп учурда укук коргоо органдарына кайрылышпастан, зомбулук мамилеге чыдап жашап же болбосо ажырашып кетип мындай абалдан кутулуунун жолуна багыт алышкан.

Аныгында, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук көбүнесе аялдарга карата жасалууда. Жашыруун эмес, үй-бүлөдөгү эркектер “мен үй бүлөө башчысымын” деп, аял укугун эң аркыркы орунга коюп, “ал үй ишин кылат, бала тарбиялайт, ал кымбат кийим – кечени эмне кылат, эч жакка чыкпайт” деп психологиялык кысым көрсөткөндөр да коомубузда жок эмес. Айрыкча, мындай көрүнүш айыл жергесинде көп кездешет. Атайын социалдык изилдөөлөрдүн божомол жыйынтыктарында күйөөсү сыяктуу эле аял да тең укукта болгондугуна карабастан аялдар эркектерге караганда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка көп кабылышаары жана көп учурда алар эч бир күч структураларына кайрылбай көмүскөдө калгандыгы аныкталган. Алар күйөөсүнө каршы арыз жазууну, мидиция кызматкерлерине кайрылууну уят деп билишип, өздөрүнүн кордук көрүп жатканын экинчи планга жылдырып коюшаары айтылган. Маселен, “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова “Биздин өлкөдө күнүнө жүзгө жакын аялдар зордук-зомбулукка, психологиялык кысымга, экономикалык жактан чектөөлөргө кабылат. Анын 75 пайызы үй-бүлөдө болот. Жылына кризистик борборлорго 10 миңден ашык кыз – келиндер кайрылат” -дейт.

Ошол эле маалда дээрлик аялзаты өзүнүн мыйзамда бекитилген укуктары, орундары тууралуу маалыматы жокко эсе. Маселен алар “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо” тууралуу мыйзамдагы 23-беренеде көрсөтүлгөн «Убактылуу коргоо ордери» тууралуу дээрлик билишпейт. Мыйзамга келели, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу же анын өкүлү үй-бүлө мүчөсүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна тикеден-тике коркунуч түзгөн жагдай орун алган учурда убактылуу коргоо ордерин алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жердеги ички иштер органынын кызмат органы тарабынан берилет жана үй-бүлөдөгү зомбулук жасалган, болбосо аны жасоонун белгилүү коркунучу туулган мезгилден, болбосо зомбулук көрсөтүү фактысы жөнүндө арыз берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде жол-жоболоштурулууга тийиш. Убактылуу коргоо ордерин берүү сотто даттанылышы мүмкүн жана арыз ошол замат, өзгөчө учурларда 3 суткага чейин каралууга тийиш. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасалган адамга 15 күндүк мөөнөткө берилет. Убактылуу коргоо ордерин алган адам андагы көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарууга милдеттүү, андай болбосо көрсөтүлгөн адам колдонуудагы мыйзамдарга ылайык администрациялык жаза тартууга тийиш»-деп так жазылып турат.

Мынча болгон соң «Убактылуу коргоо ордеринин» шарттары тууралуу негизгилерине токтолуп, маалымат бере кетели.

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарында төмөндөгүдөй расмий чаралар каралат:

— үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жабыр тартуучуга жана башка адамдарга каршы ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салуу:

— багуусунда болгон жашы жете элек балдарга зомбулук көрсөткөн адамдын аларга жетиштүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу;

— үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды зомбулуктан жабыр тартуучу менен түздөн-түз жана кыйыр байланышта болууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертүү;

— үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын зомбулуктан жабыр тартуучунун дарылануусунун наркын төлөп берүүгө милдети;

— үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуну убактылуу коргоо ордеринин алынган-алынбагандыгына жана жазык ишин козгоо жөнүндө арыз берген-бербегендигине карабастан, ал сотко кайрылууга жана никени бузуу, мүлктү бөлүү, алимент төлөтүү, зыяндын жана башка компенсациялардын ордун толтуруу жөнүндө иш козгоого укуктуу экендигин эскертүү; жана башкалар.

Ырас, коомчулукта бул жагдайды жөнгө салуу аракеттери байма-бай жүрүп келет. Алып карайлы, 2009-жылы да бул багытта республиканын бардык аймагында “Аялдардын укугу – бардык адамдын укугу” аттуу маалыматтык кампания жүргөн. Анын алкагында ар кыл теледебаттар, ток-шоу, тегерек стол, мектептерде, ЖОЖдордо лекция, семинарлар уюштурулган. Баардыгы болуп акция 400 миңден ашык адамды камтыган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова Парламенттик жыйында: “Зомбулук күндөн-күнгө өсүүдө, ал эми коом бул көрүнүшкө кайдыгер”, – деп айткан. Чынында эле кыз-келиндерге карата физикалык, психологиялык жана сексуалдык зордук-зомбулук токтомок турсун, өсүп жатканын расмий статистика да айгинелейт. Ошол эле маалда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы аялзаты гана эмес экендигин да эстен чыгарбашыбыз керек. Маселен, өткөн жылдагы статистикага кайрылсак үй-бүлөлүк зордук -зомбулуктун курмандыгына 58 пайыз аялдар кабылса, 18 пайызы жаш балдар жана 13 пайызы кары-картаңдар, ал эми 7 пайызы эркектерди түзгөн. Айталы, Сокулук РИИБнүн коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын ага лейтенанты Жаркынбаев Замирбек Абдраевич «Адам баласынын аң сезими алдыга карай өсүп, техниканын түрү чыгып жаткан заманда эл арасында, үй бүлөлөрдүн ичинде ыйман-ынсап кетип, адеп-ахлак урандыга айланып, зордук-зомбулук маселеси күчөп кетти. Алыс барбай эле мен өзүм тейлеген Сокулук районунун аймагын эле ала турган болсок күнүгө жок дегенде үй-бүлөлүк зордукка кабылган үч-төрт киши келип арызданышат. Аялы  күйөөсүнө, күйөөсү аялына, баласы атасына , апасына, же болбосо – атасы баласына зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүүдө.

Oo6a, мурда деле үй-бүлөлүк арыздануулар болчу, бирок көбүнэсе күйөөсүнөн запкы жеген аялдар кайрылчу. Азыр атасын сабаган бала, энесине күн көрсөтпөгөн уулдар, күйөөсүнө зомбулук жасаган аялдар көбөйдү»-дейт. Андыктан психологиялык, моралдык жардам аялдарга гана эмес, эркектерге да керек. Аял киши көп учурда стресстерди курбусуна айтып, чогуу иштеген кесиптештери менен бөлүшөт, ал эми  эркек киши өзүндө сактап жүрө  берип, жыйынтыгында алкоголдук ичимдиктерге, баңги затына берилип кетет.

Бириккен улуттар уюмунун аялдар агенттиги атайын анализ жүргүзүп үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрү өсүп жаткандыгын далилдешкен. Өткөн жылдын маалыматын алалы, Кыргызстан боюнча аялдарга кол көтөрүү, уруп-токмоктоо 5 эсе жогоруласа, психикалык жактан кысым, көрсөтүү 4 эсе чейин өскөн, ал эми сексуалдык жактан кысым 3 эсе жогорулаган.

– Зомбулук менен күрөшүүдө укук коргоо органдары 2013-жылдан ушул күнгө чейин аялдарына зомбулук көрсөткөн 2,5 миңден ашык эркекке коргоо ордерин беришкен. Бирок, күнүмдүк турмушта үй-бүлөлүк чыр чатак андан көп болуп турат. Болгону жабыркаган аялдардын 10% гана укук коргоо органдарына кайрылышат.

Ал эми коргоо ордерин алган эркектердин 12% на карата кылмыш иши козголгон. Калгандарынын аялдары өздөрү арыздарын кайтарып алышат же аларды кайын журту мажбурлайт. ИИМдин маалыматына ылайык акыркы 15 жыл аралыгында 21 530 аял арызын кайтарып алган.

Ал эми зомбулуктан улам айрым учурларда суицид болгондугун маркумдардын туугандары өздөрү да жашырып коюшат. Анткени, диний ишеним алкагында  жаназа окулбай калат деп кооптоннушат. Милицияга “ооруп өлдү”,  – деп коюшуп, анын арты менен көптөгөн кылмыштардын бети ачылбай калат.

Укук талаасында ар бир кылмыш мыйзам чегинде жазаланып, күнөөлүүлөр сот алдында жооп бериши керек. Бирок, мындай кырдаалдарда жагдайлар үстүртөдөн каралып, маселенин тамыры терең каралбаган учурлар да арбын. Мындан улам айрым аялзаты үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун себептеринен улам абак артында олтуруп калуу тагдырына да кириптер болушат. Тагыраагы, ушу тапта Кыргызстан абактарында күйөөлөрүн өлтүрүп салган, 21 аял жаза мөөнөтүн өтөөдө. Абактагы аялдардын дээрлик баардыгы тынымсыз ур-токмокко чыдамы бүтүп, акыры ушул кадамга барышкандар. Арийне, аял киши чыдамкай болоору айгине. Көп учурларда алар үйдөгү кысымды, зордук – зомбулукту сыртка ташыбай, эч бир укук коргоо органдарына кайрылбай, ошол көрүнүш менен жашап жүрө берет. Алар мындай стресстерден кийин психологдорго да кайрылбайт, аягы келип стресстин жыйынтыгында, ал зордук көрсөткөн адамга жооп кайтарат, көпчүлүк учурларда мындай кол салуулар өлүмгө алып келет. Күндөн-күнгө уруп-токмоктоого дуушар болгон аялда коргонуу инстинкти пайда болот да, аффектик абалда ар кандай күтүлбөгөн кадамдарга барышы мүмкүн. Акыркы маалыматтар боюнча, республикабыздын абак жайларында кармалган аялдардын 80 пайызы КР мыйзамынын “киши өлтүрүү, кол салуу” беренеси боюнча соттолгондор. Ырас, зомбулукка каршы улуттук план бар, бирок мамлекеттик айрым органдар зомбулук фактыларын каттоого алып да коюшпайт, соттор болсо аялдардын аянычтуу абалын эске албай, соттоп жиберишүүдө.

Арийне, жергиликтүү мыйзамдардан тышкары гендердик тең укуктуулукту сактоо боюнча Кыргызстан эл аралык укуктук нормативдерге да кол койгон. 1995-жылы Пекин платформасына, бир нече эл аралык конвенцияларга анын катарында БУУнун конвенциясына, ошондой эле БУУнун миң жылдык декларациясына да кол койгон. Натыйжада Кыргызстан эл аралык жоопкерчиликти моюндаган.

Нурлан Жукеев

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: